Улан Маматканов: Медицинаны колдоо – өз элибизге болгон камкордук

Министрлер кабинети Загрузка... 01 Июль 2026 18:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 01.07.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Т. Сатылганов атындагы улуттук филармонияда медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата уюштурулган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Ал президент Садыр Жапаровдун саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүнү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бирине айландырганын айтып, медицина кызматкерлерин министрлер кабинетинин төрагасынын жана жеке өзүнүн атынан кесиптик майрамы менен куттуктады. 

Анда минкаб төрагасынын орун басары соңку беш жылда баштапкы медициналык-санитардык жардам берүү чыңдалып, профилактикалык, скринингдик программалар кеңейтилгенин, медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга, башкарууну өркүндөтүүгө, санариптик технологияларды киргизүүгө багытталган чечимдер ишке ашып жатканын билдирди. 

"Саламаттык сактоо тармагындагы иштердин эң негизги көрсөткүчү – мамлекеттик финансылык колдоонун көлөмүнүн өсүшү. 2021-жылы саламаттык сактоо тармагына республикалык бюджеттен 21,5 млрд сом бөлүнгөн болсо, 2025-жылы 52 млрд сомго жетти. Бул эки эседен ашык өсүш. Инфраструктура жаңыланууда. Беш жыл ичинде 21 саламаттык сактоо объектиси пайдаланууга берилди. Азыр дагы 42 объектинин курулушу уланууда. Ошол эле учурда президент медицина кызматкерлеринин эмгегин татыктуу баалоого аракеттерди көрүп жатат. Быйыл дагы 1-апрелден тартып эмгек акыны дагы көбөйтүү үчүн республикалык бюджеттен – кошумча 18,5 млрд сом каралды", – деди ал.

Саламаттык сактоо тармагы – бул мамлекеттин коопсуздугуна, туруктуу өнүгүүсүнө жана келечегине түздөн-түз таасир эткен стратегиялык социалдык тармак экенин айткан Улан Маматканов медицинада дагы бир маанилүү багыт – жогорку технологиялуу медициналык жардам экенине токтолду. 

"Жакынкы убакка чейин көптөгөн жарандарыбыз татаал операциялар үчүн чет өлкөлөргө чыгууга аргасыз болчу. Кыргызстанда бөйрөк трансплантациясы боюнча өткөн жылы 26 операция жасалса, быйылкы жылдын биринчи жарымында эле 16 операция ийгиликтүү өткөрүлдү. Ондогон үй-бүлөлөрдүн кайрадан үмүттөрү жанды. Гемодиализге бюджеттен 3 млрд 454 млн сом бөлүндү, аны 4200дөн ашык жаран үзгүлтүксүз алып жатат. Жогорку технологиялуу медициналык жардамды каржылоого 2021-жылы 163 млн сом бөлүнсө, 2025-жылы 2 млрд 400 млн сомго жетти. Медицинага болгон камкордук – бул өз элибизге болгон камкордук. Ал эми медицина кызматкерине болгон урмат – бул өмүрдүн баркын баалоого болгон мамлекеттик жана коомдук мамиленин көрсөткүчү", – деп сөзүн жыйынтыктады Маматканов.

Иш-чаранын соңунда саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана жогорку кесипкөйлүгү үчүн, ошондой эле Медицина кызматкерлеринин күнүнө байланыштуу министрлер кабинетинин Ардак грамоталары тапшырылды.