Малик Бектурганов Башкы прокуратуранын жамаатына тааныштырылды

Министрлер кабинети Загрузка... 01 Июль 2026 11:55
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 01.07.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев башкы прокурордун убактылуу милдетин аткаруучу Малик Бектургановду көзөмөл органынын жамаатына тааныштырды.

Адылбек Касымалиев ведомствонун кызматкерлерине кайрылып, жаңы жетекчинин жана Башкы прокуратуранын жамаатынын биринчи кезектеги милдеттерин белгиледи.

Министрлер кабинетинин төрагасы прокуратура кызматкерлерин мыйзамдуулукту так сактоого, коррупцияны жоюуга жана элдин көзөмөл органына болгон ишенимин арттырууга чакырды.

Соңунда Адылбек Касымалиев Малик Бектургановго мамлекеттик маанилүү кызматында ийгиликтерди каалап, прокуратура органдарынын кызматкерлери өзүнө жүктөлгөн милдеттерди так, кесипкөй жана кынтыксыз аткарарына ишенимин билдирди.