Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана расмий сапар менен өлкөгө келген Беларусь премьер-министри Александр Турчиндин расмий жолугушуу аземи өттү.
Мамлекеттик туулар илинип, Ардактуу күзөт тизилип, кызыл килем төшөлдү. Министрлер кабинетинин төрагасы менен Беларусь премьер-министри менен учурашып, эки өлкөнүн мамлекеттик гимни жаңырды, андан соң тизилген аскерлердин катарын кыдырып чыгышты.
Аземдин жүрүшүндө алар туу алдында таазим кылышты.
Андан соң Адылбек Касымалиев менен Беларусь премьер-министри өздөрүнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырышты.