Бишкек, 18.06.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Санкт-Петербург шаарында "Маданий байланыштарды чыңдоо жана чыгармачыл демилгелерди өнүктүрүү" эл аралык конференциясында сөз сүйлөдү.
Минкаб төрагасы маданий өз ара аракеттенүү жана чыгармачыл индустрияларды колдоо бүгүнкү күндө гуманитардык күн тартибинен чыгып, улуттук өзгөчөлүктү, адам капиталын жана мамлекеттердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн бекемдөөнүн маанилүү элементине айланганын белгиледи.
Өз сөзүндө ал Евразия мейкиндиги уникалдуу трансформация мезгилин башынан өткөрүп жатканын, классикалык экономикалык моделдер өзгөрүп жатканы менен терең маданий байланыштар элдерди бириктирген бузулбас көпүрө бойдон калып жатканын кошумчалап, XXI кылымда бул байланыштарды заманбап инновациялардын рельсине которуу зарылдыгын айтты.
Ошону менен бирге, чыгармачыл индустриялар бай маданий мурасты жаштар үчүн жумуш орундарын түзүп, жогорку технологиялуу экспортту жараткан реалдуу экономикага айландырган курал экенин белгиледи.
Министрлер кабинетинин төрагасы Кыргызстанда өлкөнүн мамлекеттик саясаты синергетикалык моделге өткөнүн — инсандын руханий өнүгүүсү пайдубал, инфраструктурага инвестициялар тирек, ал эми чыгармачыл экономика кыймылдаткыч болуп калганын билдирди.
Адылбек Касымалиев 2021-жылдан бери маданиятка инвестиция 32 млн АКШ долларынан 105 млн АКШ долларына чейин өсүп, маданият кызматкерлеринин эмгек акысы 100%га көбөйгөнүн белгиледи. 2022-жылы "Чыгармачыл индустриялар паркы жөнүндө" мыйзам кабыл алынып, резиденттер үчүн 1% бирдиктүү салык сыяктуу жеңилдетилген режим киргизилгенин билдирди. Белгиленгендей, бүгүнкү күндө Паркта 165 резидент иштеп жатат.
Минкаб башчысы Адылбек Касымалиев КМШнын 35 жылдыгынын алкагында Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгынын жана Лев Толстойдун 200 жылдыгынын маанисин жаңы санариптик муунга жеткирүүнү сунуштады.
Өз сөзүндө ал глобалдык санариптик экспансия шартында жасалма интеллекттин тез өнүгүшү автордук укуктун кризисине алып келип, бүткүл Евразия масштабында укуктук вакуум жаратканын белгиледи.
Сөзүнүн аягында жасалма интеллект доорунда интеллектуалдык менчикти коргоо боюнча бирдиктүү эрежелерди жана санариптик механизмдерди биргелешип иштеп чыгуу зарылдыгына өзүнчө токтолду.
"Жасалма интеллект алгоритмдерди жаратат. Адам маанилерди жаратат. Элдерибиздин интеллектуалдык капиталын сактап, көбөйтөлү!" – деп сөзүн жыйынтыктады минкаб төрагасы.