Бишкек, 18.06.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов 2026-2030-жылдарга Кыргызстанда шахматты өнүктүрүүнүн жана жайылтуунун комплекстүү Улуттук программасын иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун биринчи отурумун өткөрдү.
Белгилей кетсек, жумушчу топ президент Садыр Жапаровдун “2026-2030-жылдарга Кыргызстанда шахматты өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында түзүлгөн.
Жыйындын жүрүшүндө Кыргызстанда шахматты өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери, анын ичинде Улуттук шахмат академиясын түзүү маселеси талкууланды.
Минкаб төрагасынын орун басары шахматты мектептик билим берүү системасына интеграциялоонун натыйжалуулугун эл аралык тажрыйба тастыктап жатканын айтып, өлкөдө шахматты өнүктүрүү боюнча иш-чараларды ийгиликтүү ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Отурумдун жыйынтыгында ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрүнө 2026-жылдын 1-августуна чейин 2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүүнүн жана кеңири жайылтуунун улуттук комплекстүү программасынын долбоорун иштеп чыгуу тапшырылды.