Суу ресурстары жана ирригация, жайыттарды пайдаланууну иретке келтирүү, кайра иштетүү өнөр жайы жана техникалык камсыздоо. Айыл чарба тармагы IV Элдик курултайда делегаттардан түшкөн кайрылуулардын саны боюнча биринчи орунда турат. Демек, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине болгон талап жана суроо-талап да жогору болот.
Кыргызстандын калкынын жарымынан көбү айыл жергесинде жашайт. Аймактар үчүн айыл чарбасы — негизги киреше булагы, ошондой эле суу, жайыт жана жер шарттары болуп саналат. Ал эми мамлекет үчүн айыл чарбасы экономикалык тирек, азык-түлүк коопсуздугу, экспорттук потенциал, сууну жана жерди туура пайдалануу, ошондой эле жеткиликтүү инфраструктура экенин акыркы жылдары жакшы түшүнө баштадык.
2025-жылдын соңунда Бишкекте өткөн IV Элдик курултайдын делегаттарынын кайрылуулары менен арыздарынын басымдуу бөлүгү дал ушул айыл чарба тармагына арналган. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жыйын учурундагы жарыш сөздөрдө 108, ал эми кат түрүндө 348 кайрылуу түшкөнүн билдирди.

Таблицада көрүнүп тургандай, кайрылуулар негизинен таза суу жана ирригация маселелерине тиешелүү. Мисалы, бир эле Нарын облусунан ирригация көйгөйү боюнча 36 арыз түшкөн. Министрлик билдиргендей, курултайдын тапшырмаларын аткаруу үчүн атайын иш-план түзүлүп, учурда ал бекитүү стадиясында турат.

Иштин жүрүшү боюнча маалыматтар квартал сайын Элдик курултайдын катчылыгына тапшырылып турат. Катчылык өз кезегинде, мамлекеттик мекемелердин ишине мониторинг жүргүзүп, тийиштүү отчетторду иштеп чыгат.
Эске салсак, Элдик курултайга жалпысынан 700 делегат катышып, алардын 149у жарыш сөзгө чыккан.
"Быйылкы Элдик курултайдын өзгөчөлүгү — министрликтер менен аткаруу бийлик органдарынын жетекчилери делегаттардын кайрылууларын түздөн-түз кабыл алышты. Буга чейин мындай тажрыйба болгон эмес. Арыздарды түз тапшыруунун артыкчылыгы — ар бир министрлик өз тармагы боюнча дароо жооп берип жатты. Мамлекеттик кызматтар аткарылып жаткан иштери боюнча Катчылыкка маалымат берип турушат, ал эми биз мониторинг жүргүзөбүз.
Элдик курултайда түшкөн кайрылуулардын дээрлик жарымынан көбү Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарынан келген делегаттарга таандык. Калган кайрылуулар Бишкек шаарына, Нарын, Талас, Ысык-Көл облустарына, Кыргызстан элдеринин ассамблеясына жана чет өлкөлөрдөгү мекендештерибизге тиешелүү.
Кайрылуулардын мазмуну боюнча биринчи орунда айыл жана мал чарбасы, жер иштетүү, сугат суу жана таза суу көйгөйлөрү турат. Экинчи орунда билим берүү тармагы — мектептерде окутуунун сапатын жогорулатуу, мектеп жана бала бакчалардын жетишсиздиги белгиленген.
Андан кийинки көйгөйлүү багыт катары саламаттыкты сактоо тармагы аталды. Делегаттарды аймактарда дарыгерлердин жетишсиздиги тынчсыздандырууда. Ошондой эле жаш үй-бүлөлөрдү турак жай менен камсыздоо, жол куруу, ишкерликти өнүктүрүү жана бизнести негизсиз текшерүүлөрдү азайтуу маселелери көтөрүлдү. Мындан тышкары, Башкы прокуратурага, Жогорку сотко багытталган арыздар жана жалпы эле коррупция менен күрөшүү боюнча кайрылуулар түштү", - деп билдирди Элдик курултайдын Улуттук кеңешинин төрагасы Мамбеткерим Чекиров.

Ал ошондой эле делегаттардан 700гө чукул кайрылуу, демилге жана арыз түшкөнүн билдирди.