Айыл чарбасын каржылоо: Дыйкандарга 5 млрд сомдон ашык насыя берилди

Экономика Загрузка... 29 Июнь 2026 11:20
fsh-850x560.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 29.06.26. /Кабар/. Дыйкан-фермерлерди мамлекеттик колдоо максатында иштелип чыккан "Айыл чарбасын каржылоо – 14" долбоору ийгиликтүү ишке ашырылууда.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, долбоордун алкагында каражаттар жылдык 6 пайыздык чен менен 36 айлык мөөнөткө "АБанк" жана "Элдик Банк" аркылуу берилүүдө.

Алгач бөлүнгөн 2 млрд 448 млн сом толук өздөштүрүлгөндүктөн, министрлер кабинетинин чечими менен кошумча 3 млрд сом бөлүнүп, долбоордун жалпы суммасы олуттуу өскөн.

"Бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча жалпы 5 млрд 74 млн сомдук 7 694 насыя берилди", - деп айтылат маалыматта.
ChatGPT Image 29 июн. 2026 г., 11_08_27

Каражаттар банктар тарабынан төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

"АБанк" ААК аркылуу (жалпы: 2 млрд 465,8 млн сом, 3 750 насыя):

  • мал чарбачылыгына – 2 млрд 165,2 млн сом (3 204 насыя);
  • өсүмдүк өстүрүүгө – 263,6 млн сом (512 насыя);
  • суу үнөмдөөчү технологияларга – 37 млн сом (34 насыя).

"Элдик Банк" ААК аркылуу (жалпы: 2 млрд 608,2 млн сом, 3 944 насыя):

  • мал чарбачылыгына – 2 млрд 423,5 млн сом (3 624 насыя);
  • өсүмдүк өстүрүүгө – 163,5 млн сом (303 насыя);
  • суу үнөмдөөчү технологияларга – 21,2 млн сом (17 насыя).