Кыргызстандын дүйнөдөгү мөңгүлөрдү, тоо табиятын жана тоолук жамааттарды климаттын өзгөрүү шарттарына ылайыкташтырып өнүктүрүү демилгесинин актуалдуулугу жогорулоодо. Европанын бийик тоолуу Андорра өлкөсүндө курамына 700гө жакын уюмду, анын ичинен 74 мамлекеттин өкмөтүн камтыган Тоо өнөктөштүгүнүн глобалдык жыйыны өттү. Анда биздин өлкө дүйнөдөгү тоолуу аймактардын башкы колдоочусу деп табылып, алдыдагы 4 жылда Тоо өнөктөштүгү комитетинин төрагасынын биринчи орун басары катары иш алып бармай болду.
Европа боюнча бийик тоолуу өлкөлөрдүн ичинен экинчи орунда турган Андорра княздыгында тоолуу аймактарды өнүктүрүүгө арналган Тоо өнөктөштүгүнүн жетинчи глобалдык жыйыны уюштурулду. Ага Кыргызстандын президентинин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова баштаган делегация катышып, тоо экосистемаларын коргоо, экологиялык долбоорлорду илгерилетүү, ак илбирсти сактоо жана тоо продукцияларын колдоо маселелери көтөрүлгөн.
Жолугушууда Кыргызстан тоолуу аймактардын кызыкчылыгын коргогон демилгелерди кызуу илгерилетип, дүйнөлүк тоо күн тартибине негизги колдоочу катары иштеп жатканы белгиленген. Жыйынтыгында Кыргызстан альянстын жетектөөчү комитетине кийинки төрт жылга кайрадан шайланды. Ошондоо эле мындан ары биздин өлкө төраганын биринчи орун басары кызматында иш алып барат.
Тоо күн тартибинде жетектөөчү позицияда турган Кыргызстандын алдында чоң милдеттер турат. Алсак, климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепети экологияга эле эмес, тоолуу аймактарда жашаган калкка да тийип, жашоо шартын катаалдаштырып, энергетикалык, социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү да жаратууда. Дал ушул жагдайды эске алуу менен биздин өлкө ондогон жылдардан бери эл аралык аренада тоолуу өлкөлөрдүн кызыкчылыгын коргоп, тоо калкы туш болгон көйгөйлөргө эл аралык коомчулуктун көңүлүн буруп келет.
2002-жылы Бишкекте Биринчи глобалдык тоо саммити БУУнун колдоосу менен өткөн. Тоо саммитинин 20 жылдыгына карата БУУ Садыр Жапаровдун демилгесин колдоп, 2022-жылды “Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы” деп жарыялаган. Ошондой эле аталган уюмдун алкагында Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы (2023–2027-жж.) кабыл алынган.
Территориясынын 90%дан ашыгын тоолор түзгөн Кыргызстан үчүн бул стратегиялык мүмкүнчүлүк. Эл аралык кызматташтык чыңдалып, алыскы тоолуу аймактарды өнүктүрүү жана тоо жаратылышын коргоо үчүн чет элдик уюмдардан жана институттардан инвестиция, каражат тартууга жол ачылат. Андыктан долбоорду натыйжалуу ишке ашыруу максатында атайын Жол картасы түзүлгөн.
Тоо күн тартибинин алкагында Кыргызстанда аткарылып жаткан иштердин натыйжасы көзгө көрүнө баштады. Алсак, Андоррада Тоо өнөктөштүгү комитетинин жетекчилигине шайланган кыргызстандык Кэмп Ала-Тоо өкмөттүк эмес уюмунун алкагында Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жергиликтүү маанидеги мамлекеттик Байбоосун жаратылыш коругу түзүлгөн. Бул үчүн Темир-Канат айылынан Коңур-Өлөң айылына чейинки 20 миңден ашык гектар жер корулган. Ал Тескей Ала-Тоо кыркаларынын эң узун мөңгүлөрүн, Кызыл китепке кирген ак илбирс, сүлөсүн, суусар, жапайы мышык сымал сейрек кездешүүчү жапайы жаныбарларды, 500дөн ашык түрдөгү өсүмдүктөрдү камтыйт. Коруктун жетекчиси Баатырбек Акматовдун айтымында, акыркы жылдары мөңгүлөр эрип, көп тоолордо түбөлүк муздар жогорулап (жоголуп) кеткен.
“Биз бала кезде мөңгүлөр көп болчу. Азыр азайып калды. Илгери чыккан булактардын баары тартылып, соолуп баратат. Абдан эле көйгөйлүү иш. БУУнун тоолуу өрөөндөрдү колдоо, тоого жакын элдердин көйгөйүн кароо демилгеси абдан жакшы. Мурун мамлекеттик коруктар болсо, учурда мыйзамдарга толуктоолор, өзгөртүүлөр киргизилип, жергиликтүү маанидеги коруктар ачылып жатат. Байбоосун жаратылыш коругу болуп Кыргызстанда биринчилерден болуп ачылдык. Биздин артыбыздан да ачылабыз деп тургандар көп. Мурун бул жерлерге жөн эле жайыт катары эл малын жайып, кийигин, жаныбарларын атып, өз билгенин жасай беришчү да.
Тоолуу аймактарды өнүктүрүү иш-чараларынын алкагында биздин өрөөндө жумуш орундары түзүлдү. Экологиялык долбоорлор, донорлор көп экен. Биздин корук алар менен иштешип, 3 айылга малдын сапатын жакшыртуу максатында асыл тукум букаларды алып бердик. Башкаларга эл чийки затты эмес, жогору сапаттагы продукцияны сатсын деген максатта мөмө-жемиш, дары чөптөрдү электрондук кургатуучу жабдыктарды алып бердик. Ошондой эле инкубаторлорду, социалдык долбоорлор боюнча Көк-Сай айылындагы жумушсуз келиндерге кийим тигүү машинкаларын сатып бердик.
Кэмп Ала-Тоо уюму менен чабандарга мал жаюу, жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу эрежелерин окуттук. Ошентип, жаратылышты коргоонун алкагында элдин да муктаждыктары чечилип жатат. Бул чоң маселе.
Жетектөөчү комитеттин мүчөлөрү Кыргызстанды төраганын биринчи орун басары кылып шайлашты. Эми алдыда мөңгүлөрдү сактап калууга, жасалма мөңгүлөрдү уюштурууга, бак-дарактарды, токойлорду жайылтууга басым жасалышы керек. Малдын санын азайтип, сапаттуу малды өстүрүүгө өтүү зарыл. Анткени азыр тоолуу өрөөндө иш жоктугунан эл мал чарбачылыгы менен алек. Мал көбөйгөндө жайыттар көтөрө албай калып жатат. Малдын санына эмес, сапатына өтсөк жерге зыян азаят эле”, — деди Баатырбек Акматов.
Эске салсак, учурда Кыргызстан ири масштабдагы “Бишкек+25” Экинчи глобалдык тоо саммитине даярдыктарды көрүүдө. Эл аралык кеңешмени өткөрүү БУУ тарабынан 2027-жылга белгиленген. Анда Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгынын (2023–2027-жж.) жыйынтыгы чыгарылып, кийинки кадамдар белгиленет.