Президент Садыр Жапаров мамлекет башчыларына кайрылуу жасады. Бул кайрылуу маңызы боюнча Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкер катары программалык билдирүүсү болуп саналат. Мамлекет башчысы эл аралык мамилелердеги кризис буга чейин эле аймактык куралдуу кагылышууларга алып келгенине жана күчөп жаткан тирешүү жаңы туруксуздук очокторунун пайда болуу коркунучун туудуруп жатканына көңүл бурду. Кризистер өнүгүүнү басаңдатып, ал эми алардын андан ары курчушу геоэкономикалык белгисиздикке алып келет. БУУ глобалдык коопсуздук архитектурасын кыйратып жаткан катуу башаламандыктын алдында натыйжалуу боло алган жок.

Саясат таануучулар Садыр Жапаровдун жасакерлик кылбай жана конъюнктурага жагуу үчүн аракеттенбестен, эл аралык укуктун универсалдуулугунун эрозиясы жана чыр-чатактардын потенциалынын өсүшү, кош стандарттар көйгөйү жана дипломатиянын аскердик чыр-чатактарды жөнгө салуу үчүн тынчтык сүйлөшүүлөрүнө чыга албай жаткандыгы сыяктуу бир катар кемчиликтерди ачык көрсөткөндүгүнүн маанилүүлүгүн белгилешет.
Бул эрктүү позиция. Балким, кимдир бирөө муну ыңгайлуу позиция эмес деп эсептеши мүмкүн, ошондой болсо да, БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлер боюнча добуш берүү кандай жыйынтык менен аяктабасын, Кыргызстан бул тарыхый жол тоомунда ким биздин өлкөнүн досу экенин так түшүнүп алат.
"Дүйнөнүн ар кайсы аймактарындагы, анын ичинде Европа, Жакынкы Чыгыш жана Африкадагы куралдуу кагылышуулар эл аралык системаны олуттуу сыноодон өткөрүүнү улантууда. Дүйнөдө болуп жаткан аскердик чыр-чатактарга үч триллиондон ашык АКШ доллары сарпталууда. Бул өлчөмдөгү каражаттар бүткүл адамзатка татыктуу жашоону камсыз кыла алмак. Эгерде бул чыгымдар планетаны жашылдандырууга жана айрым өлкөлөрдөгү ачарчылыкты жоюуга сарпталса, анда планетабыз гүлдөгөн бакчага айланмак. Мындай шарттарда БУУга мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңешинин курамында инклюзивдүү жана адилеттүү өкүлчүлүктүн болушу, ошондой эле бул Кеңештин бүткүл эл аралык коомчулуктун атынан чечим кабыл алуучу орган катары өзүнүн легитимдүүлүгүн сактап калуу жөндөмдүүлүгү биринчи планга чыгууда. Кыргызстандын Кеңештин курамындагы тең салмаксыздыктын, өзгөчө чакан, өнүгүп келе жаткан жана деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок мамлекеттердин жетишсиз деңгээлде катышуусу мындан ары сакталып калышы жамааттык коопсуздуктун бүтүндөй архитектурасынын туруктуулугуна доо кетирет деген позицияны карманабыз", - деп кайрылган мамлекет башчысы.
БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги орун үчүн Кыргызстан буга чейин анын курамына төрт жолу кирген Филиппин менен атаандашууда. Башкача айтканда, сунушталып жаткан тең мүмкүнчүлүктөр, ачыктык жана адилеттүү мамиле принциптеринин көз карашынан алганда биздин өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрү бар. Бирок, эл аралык саясат барган сайын алдын ала айтууга мүмкүн болбой жаткандыктан, туруктуу эмес мүчөлүккө талапкерлер боюнча кандайдыр бир божомолдорду берүүнү атүгүл тажрыйбалуу эксперттер да каалашпайт, учурда глобалдык конъюнктура өтө эле күтүүсүз болууда.
Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри, коомдук жана саясий ишмер Аликбек Жекшенкулов алдыдагы добуш берүүгө карата оң көз карашта болгондордун катарында. Бул багытта биздин дипломаттар тарабынан зор иштер аткарылды. Ал биздин өлкөнүн лидери өз убагында жана так принциптер менен артыкчылыктарды белгилегендигин туура деп эсептейт, анткени БУУнун көптөгөн мүчөлөрүндө Коопсуздук кеңешин реформалоо боюнча талап бышып-жетилүүдө.

"Биздин президенттин билдирүүсүндө же кайрылуусунда көтөрүлгөн маселелер бүгүн бүтүндөй дүйнөлүк коомчулукту тынчсыздандырып жатат. Бул өзөктүк куралды жайылтпоо, жалпы коопсуздук жана Афганистандагы кырдаал, аялдардын укуктары, адилеттүү башкаруу, чакан мамлекеттердин өкүлчүлүгү жана алардын эл аралык уюмдардагы таасиринин өсүшү болуп саналат.
Бул мен бүгүнкү күндө эл аралык кырдаалда көз салып жаткан негизги аспекттер, жана бул маселелердин бардыгы биздин президенттин программалык кайрылуусунда түздөн-түз чагылдырылган. Ошондуктан, албетте, адилеттүү башкарууга өзгөчө көңүл бурулду, анткени Филиппин чынында эле БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу негизде эмес мүчөсү катары төрт жолу болгон. Ал эми мен эл аралык мамилелер чөйрөсүндө бай тажрыйбасы бар адам катары, бул мамлекет тарабынан жасалган кандайдыр бир маанилүү эл аралык демилгелерди көргөн жокмун.
Садыр Жапаров Борбор Азия өлкөлөрү Кыргызстанды колдоодо бирдиктүү позиция менен чыгып жатканын көрсөткөнүн өзгөчө белгилеп кетким келет. Эмне үчүн? Анткени баарыбыз билебиз, бүгүн биздин аймак эл аралык мамилелерде чоң салмакка ээ болуп жатат. Ал эми АКШ, Кытай, Россия, Европа, Япония жана башка өлкөлөр иштеп жаткан "БА+" форматындагы формулалар, алардын бүгүнкү күндө көп тараптуу да, эки тараптуу да мамилелерди өнүктүрүүгө умтулуп жатканынан кабар берет", - деп белгилейт Аликбек Жекшенкулов.
Кыргызстандын артыкчылыктуу багыттары чындап эле салмактуу жана принципиалдуу түрдө белгиленген. Бул агым менен кошо калбай турган, жоопкерчиликтен качпай турган же кимдир бирөөгө ыңгайлашууга аракет кылбай турган мамлекеттин позициясы. Буга Садыр Жапаров өзгөчө басым жасады.

"Биздин мамилебиз БУУнун Уставынын шартсыз артыкчылыгына жана аны тандап колдонууга жол бербөөгө негизделет. Биз кош стандарттар практикасына, гуманитардык күн тартибин саясатташтырууга жана Кеңештин механизмдерин тар кызыкчылыктарда колдонууга ырааттуу түрдө каршы чыгабыз. Бул мамиленин иш жүзүндөгү натыйжалуулугу Кыргызстандын аймактык туруктуулукту камсыз кылуудагы тажрыйбасы менен далилденүүдө. Борбор Азиянын татаал чыр-чатактан кийинки жана трансформациялык шартында биз чектеш мамлекеттер менен чек араларды делимитациялоонун бардык маселелерин өзгөчө тынчтык жолу менен гана аягына чыгарууга жетиштик. Бул декларативдик позиция эмес, бул коопсуздуктун эң сезимтал маселелери да, сүйлөшүүлөрдүн жана кызыкчылыктарды өз ара эске алуунун негизинде жөнгө салынарын көрсөткөн ишке ашкан модель да болуп саналат", - деп баса белгиледи Садыр Жапаров.
Мамлекет башчысы сөз Кеңештин натыйжалуулугунан эл аралык системанын башкарылуусу түздөн-түз көз каранды болуп турган мезгилдеги конкреттүү аракеттер жөнүндө болуп жатканын ортого салды.
"Биз Кеңештин өзүнүн баштапкы функциясына – чыр-чатактарды саясий коштоо эмес, укукка, кызыкчылыктардын тең салмактуулугуна жана чыр-чатактардын алдын алууга негизделген чечимдерди иштеп чыгууга кайтып келүү зарылдыгынан чыгабыз", - деди өлкө башчысы.
Саясат таануучу Эмил Жороев "Кабар" улуттук маалымат агенттигине берген пикиринде Коопсуздук кеңешиндеги орун үчүн атаандаштык жөнөкөй болушу мүмкүн эместигин белгилейт. Ошону менен бирге, президенттин дүйнөлүк лидерлерге жасаган кайрылуусу Кыргызстандын натыйжалуу иштөөгө бел байлагандыгынын жана бардык өнөктөштөр менен ачык-айрым өз ара аракеттенүүгө даяр экендигинин далили болуп саналат.

"Кыргызстан үчүн БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчөлүк биздин эл аралык мамилелерибиздеги чоң, маанилүү окуя болот. Бул дүйнөлүк тартипке, тынчтыкка жана туруктуу, адилеттүү өнүгүүгө салым кошуу мүмкүнчүлүгү гана эмес, бизди эгемендүү мамлекет жана эл аралык саясаттын катышуучусу катары кеңири таанытуу мүмкүнчүлүгү да болуп саналат. Практикалык жактан алганда, бул биз үчүн чоң дипломатиялык мектеп болот, ал жоопкерчиликти да, ар түрдүү өлкөлөр менен олуттуу мамилелерди чыңдоо үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү да тартуулайт. Албетте, эгерде шайланып калсак, Коопсуздук кеңешиндеги мөөнөтүбүздү канчалык ийгиликтүү жана жаркын өткөрөбүз, бул толугу менен өзүбүздөн көз каранды жана өтө чоң жоопкерчилик болот", - деп жыйынтыктады Эмил Жороев.
БУУда системалык трансформациялардын зарылдыгы жөнүндө дүйнөлүк коомчулукта көптөн бери эле айтылып келет. Экинчи дүйнөлүк согуштан бери туруктуулукту сактоо үчүн кармап туруу жана тең салмактуулук системасы катары кызмат кылган уюмдун механизмдери заманбап геосаясий турбулентүүлүк шарттарында анча натыйжалуу эмес болуп чыкты. БУУ бүгүнкү күндүн талаптарына шайкеш келүүсү жана чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүүгө жөндөмдүү болуусу, таасирдүү жана адилеттүү эл аралык арбитрдин талашсыз авторитетин кайтарып алуусу үчүн реформаларга муктаж. Эксперттердин айтымында, буга жетишүү үчүн чоң өзгөрүүлөргө жол ача турган алгачкы кадамдарды жасоо зарыл.