Евразиянын соода кесилишинде. Кыргызстандын өнүгүү жолу кеңейүүдө

Аналитика Загрузка... 19 Май 2026 12:25
5.webp
copyright icon ЖИ

Ыңгайлуу логистика жана энергиянын жеткиликтүүлүгү – туруктуу экономикалык өнүгүүнүн негизги шарттары болуп саналат. Эксперттер баса белгилегендей, бул эки фактордун болушу кеңири чөйрөдөгү багыттар боюнча потенциалды мүмкүн болушунча толук ишке ашырууну камсыз кылат.

Азыркы учурда Кыргызстан транспорттук туңгуюктан чыгып жатат, бул жерде кеп биздин өлкөнүн аймагы аркылуу өтүп, Европа менен Азиянын ири транспорттук тутумдарын эң кыска аралыкта байланыштыра турган темир жол жөнүндө гана эмес. Республикада жаңы автомагистралдар курулуп, иштеп жаткандары модернизацияланууда, транспорттук түйүндөр менен жүк терминалдары бой көтөрүп, коңшу мамлекеттер менен чек араларда кошумча көзөмөл-өткөрүү пункттары ачылууда. Геостратегиялык белгисиздик континенттер аралык ташуулардын барган сайын суроо-талапка ээ болушуна алып келди, натыйжада Түндүк -Түштүк жана Чыгыш-Батыш багыттары боюнча жүк агымы жылдан жылга өсүүдө.

Борбор Азия негизги соода каттамдарынын башкы кесилишине айланууда жана алардын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн арттырууга ондогон мамлекеттер, биринчи кезекте, биздин ШКУ боюнча өнөктөштөрүбүз болгон Кытай, Россия, Индия жана Пакистан кызыкдар. Бул өлкөлөрдүн экономикасы дүйнөлүк ИДПнын үчтөн бир бөлүгүн камсыз кылат. Биздин транзиттик жолдор аркылуу Европа менен Түштүк-Чыгыш Азия, Перс булуңундагы өлкөлөр жана Ыраакы Чыгыш аймактары өз ара байланыша алат.

Кыргызстан транзиттик коридорлордун тутумун түзүү менен чоң Евразия мейкиндиги үчүн жаңы транспорттук тутумдун бир бөлүгүнө айланууда. Аймактык масштабдагы ыңгайлуу жана тоскоолдуксуз логистика өнөктөштөр ортосунда кошумча нарк чынжырчаларын курууга мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Бул жаңы мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен, экономиканын чийки затка негизделген моделинен баш тартып, экспортко жер астынан казылып алынган ресурстарды эмес, даяр буюмдарды же иштетилген материалдарды жөнөтүүгө болот, бул алда канча пайдалуу. Мунун аркасында жаңы ишканалар түзүлүп, жумуш орундары пайда болот, ал эми экспорттолуучу товар көбүрөөк киреше алып келет.

Кыргызстандын эмгек сиңирген экономисти Нурбек Элебаев "Кабар" улуттук маалымат агенттигине берген маегинде Евразия мейкиндигинде экономикалык өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн Кыргызстан менен өнөктөш өлкөлөрдүн ортосунда курулуп жаткан кызматташтык механизмдери тууралуу айтып берди.

3
"Кыргызстан Кытай менен Европанын ортосундагы транзиттик ташууларды кыйла натыйжалуу кылган демилге – Транскаспий эл аралык транспорттук каттамына (ТМТМ) катышуу аркылуу транспорттук туңгуюк көйгөйүн четтетүүнү көздөйт. Мына ошондуктан, 2018-2040-жылдарга карата Өнүгүүнүн улуттук стратегиясында Кыргызстан "жүргүнчүлөрдү, товарларды жана жүктөрдү ташуу үчүн коопсуз жана суроо-талапка ээ коридорлору бар транзиттик өлкөгө айланышы керектиги так көрсөтүлгөн. Кыргызстандын 2026-жылга чейинки улуттук өнүгүүнүн орто мөөнөттүү программасы транспорттук-логистикалык интеграция өлкөнүн обочолонуусун жеңүү үчүн артыкчылыктуу милдеттердин бири экенин белгилейт. Пландаштырылган иштерди ишке ашыруу боюнча негизги чараларга Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу, Кашкарды өлкөнүн бир катар шаарлары менен байланыштырган унаа жолдорду өнүктүрүү, Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолунун курулушу, кээ бир жолдорду реконструкциялоо, "Манас" эл аралык аэропортунда жүк ташуучу борборду түзүү, ошондой эле аба ташууларын либерализациялоо кирет", - деди ал.

Эксперт бул сыяктуу стратегиялар Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) алкагындагы чараларды ишке ашырууну тездетүү жана аймактык соодадагы тоскоолдуктарды жоюу үчүн Кытай жана Өзбекстан менен эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү зарылдыгын да белгилей турганын айтты.

"Ошондуктан Кыргызстан Кытайдан келген жүктөрдүн транзитин камсыз кылуу менен ТМТМ алкагында өлкөнүн ролун бекемдөөгө умтулууда. Буга жооп катары Кытай кыргыз-кытай жана кыргыз-өзбек чек араларындагы иштеп жаткан чек ара көзөмөл-өткөрүү пункттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн кеңейте баштады жана жаңылары ачылды. Ошону менен бирге бажы процедураларын оптималдаштыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө, анын ичинде кээ бир функциялар транспорттук органдардан Мамлекеттик бажы кызматына өткөрүлүп берилди. Бул кызмат эми ЕАЭБдин бажы чек арасындагы унаа өткөрүү пункттарында орун алган товарларга жана транспорт каражаттарына карата санитардык-карантиндик, фитосанитардык, ветеринардык, транспорттук жана бажылык көзөмөлдү жүргүзүүнү координациялайт", - деди Элебаев.

Муну менен катар, эксперт 2023-жылга ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башчылары Евразия экономикалык биримдигинин алкагында экономикалык процесстерди 2030-жылга чейин жана 2045-жылга чейинки мезгилде андан ары өнүктүрүү жөнүндө "Евразия экономикалык жолу" декларациясына кол коюлганын эске салды. Бул документке ылайык, алдыдагы мезгилдеги иш-аракеттердин негизги багыты бирдиктүү транспорттук-логистикалык мейкиндикти түзүү болушу керек. Бул транзиттик жүк ташууларды көбөйтүү максатында эл аралык транспорттук коридорлордо транспорттук-логистикалык жана санариптик инфраструктураны биргелешип өнүктүрүү боюнча өлкөлөрдүн аракеттерин координациялоону, анын ичинде тирөөч транспорттук хабдарды жана логистикалык борборлорду түзүүнү, иштеп жаткан каттамдардын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууну камтыйт.

"Европа менен Азиянын ортосундагы транзиттик ташуулар биринчи кезекте инфраструктуранын ээлери жана транспорттук-логистикалык операторлор үчүн пайдалуулугу менен маанилүү. Бирок жалпысынан алганда, Евразия транспорттук каркасы тарабынан камсыз кылынган биздин өлкөнүн жана Борбор Азия аймактарынын Европа менен ички экономикалык жана соода байланышы алда канча маанилүү болуп саналат. Деңизге чыга албаган өлкөлөрдүн соодасы үчүн транспорттук чыгымдар жээктеги мамлекеттерге караганда 1,4 эсе жогору. Евразия транспорттук каркасы деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугуна байланыштуу чектөөлөрдү минималдаштырып гана койбостон, башка чараларга да өбөлгө түзөт. Транзиттик коридорлордун өнүгүшү менен деңизге чыга албаган өлкөлөр кургактагы транспорттук байланыштар тармагы аркылуу туташат жана бул байланыштардын иштеши үчүн жакшы өнүккөн инфраструктураны түзүү чаралары менен стимулдаштырылат.Жалпысынан, Евразия транспорттук каркасы Борбор Азия өлкөлөрү менен дүйнөнүн ири базарларынын ортосунда товарларды жеткирүүнүн глобалдык логистикалык чынжырчаларынын үзгүлтүксүз иштешинин кепили болуп калат", - деп баса белгилейт Нурбек Элебаев.

Ал эми экономика жана бизнес чөйрөсүндөгү эксперт Сергей Пономарев өнүгүү векторунун туруктуулугун шарттардын жыйындысы аныктай турганына көңүл бурат. Логистиканын болушу өтө маанилүү, бирок экономикалык программалардын жана долбоорлордун жашоого жөндөмдүүлүгүн жеткиликтүү энергиянын жетиштүү көлөмү менен камсыз кылуу да актуалдуу милдет болуп саналат.

2

"Эгер мурун биз өзгөчө бир транспорттук туңгуюкта болсок, анда биргелешкен темир жол долбоорунун курулушу, ошондой эле коңшуларыбыз Казакстан жана Өзбекстан менен өзгөрүп жаткан геосаясий процесстерди эске алуу менен түзүлгөн олуттуу транспорттук коммуникациялар аркылуу Кыргызстан чыгышка, батышка жана түштүккө деңизге чыгуу менен иштей турган дарбазага айланууга мүмкүнчүлүгү бар. Албетте, түндүк багыты да актуалдуу бойдон калууда", - дейт Пономарев.

Ал энергетиканы өнүктүрүү боюнча долбоорлорго токтолуп, бүгүнкү күндүн өзгөчөлүгү ушундай: энергия жок болсо – экономика да жок, ал эми бул тармактагы чоң долбоорлор өтө маанилүү экенин белгиледи.

"Биз кубаттуулукту ушунчалык арттыра алабыз, ал өсүп жаткан муктаждыктарды канааттандырууга жана жаңы завод-фабрикаларды ачууга жетет. Чакан ГЭСтер курулуп жатат, Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча иштер башталды. Энергиянын болушу – бул абдан күчтүү, кубаттуу жана экономикалык-стратегиялык жактан маанилүү аргумент, бирок ал саясий аспектте да чоң мааниге ээ. Ошондуктан Кыргызстандын позициясы кызыктуу. Бүгүнкү күндө бул маселеде стратегия жана башкаруу тийиштүү деңгээлде болушу маанилүү, ошондо жогоруда коюлган милдеттер, максаттар жана өлкөбүздүн келечеги толугу менен ишке ашырылышы мүмкүн", – деп жыйынтыктайт Сергей Пономарев.

Учурда Кыргызстанда түптөлүп жаткан туруктуу экономикалык өнүгүүнүн пайдубалы чоң Евразия мейкиндиги форматындагы узак мөөнөттүү өнөктөштүккө эсептелген. Транспорттук коридорлорду өнүктүрүү жана электр энергиясын өндүрүүнүн көлөмүн арттыруу – бул айыл чарбасынан баштап өнөр жай өндүрүшүнө чейинки экономиканын бардык чектеш секторлорун өзү менен кошо алдыга сүйрөй турган эки тирөөч багыт болуп саналат. Эксперттер белгилешкендей, азыркы этапта өз ара аракеттенүүнүн негиздери түптөлүүдө, алар өнүгүүнүн сапаттык жаңы деңгээлине өтүүнүн кыймылдаткыч күчү болуп калат.