Геосаясий турбуленттик жана эксперттик көз караш: ШКУ аналитиктери эмнени сунушташат?

Аналитика Загрузка... 21 Май 2026 17:00
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Учурдагы геосаясий шарттарда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин аймагында коопсуздукту жана стратегиялык туруктуулукту камсыздоо — башкы талап. Муну менен катар экономикалык, энергетикалык, транспорттук-логистикалык байланыштарды бекемдөө жана климаттын өзгөрүүсү сыяктуу олуттуу чакырыктарга биргелешип жооп берүү зарылчылыгы турат. Бул маселелер Бишкекте өткөн ШКУ өлкөлөрүнүн аналитикалык борборлорунун форумунда кеңири талкууланды. Жыйындын катышуучулары глобалдык өзгөрүүлөр менен айрым мамлекеттер ортосундагы карама-каршылыктар терең изилдөөлөрдү жана келечекке жол көрсөтүүчү стратегиялык сунуштамаларды иштеп чыгууну талап кылып жатканын бир ооздон белгилешти.

WhatsApp Image 2026-05-21 at 16.33.37.jpeg

Эл аралык аналитиктердин Бишкектеги форуму кеңири мааниге ээ. Биринчиден, талкуу быйыл Кыргызстандын төрагалыгы алдында өтө турган 25 жылдык мааракелик саммитти утурлай уюштурулду. Талкуу президентке караштуу Стратегиялык улуттук демилгелер институту тарабынан өткөрүлүп, Беларусь, Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Иран, Тажикстан, Өзбекстан жана Россиянын аналитикалык институттарынын өкүлдөрү катышты.

Экинчиден, Кыргызстан ШКУнун төрагасы катары өзүн демилгелүү, экономикалык, энергетикалык, транспорттук-логистикалык жана экологиялык кызматташтыктын декларативдүү эмес, тажрыйба жүзүндө ишке ашырылуусун жактаган мамлекет катары көрсөттү. Кыргызстандын аракеттери жана ШКУ кызматташтыгы эл үчүн конкреттүү экономикалык жыйынтыктарды алып келиши керек.

WhatsApp Image 2026-05-21 at 16.33.55.jpeg

Бул арада дүйнөдө болуп жаткан бир катар өзгөрүүлөр өлкөлөрдүн саясий, социалдык-экономикалык мамилелерге түздөн-түз тасирин тийгизүүдө. Геосаясий жаңжалдашуулар, өлкөлөрдүн коопсуздугуна, туруктуулугуна жана дүйнөлүк экономикага кооптонууларды жаратып жатат. Мындай шарттарда мамлекеттер жана эл аралык уюмдар мамилелерди бекемдөөгө жана саясий чечимдерди кабыл алуу үчүн сапаттуу эксперттик-аналитикалык колдоого муктаж. Андыктан ШКУнун аналитикалык мүмкүнчүлүктөрүн жана интеллектуалдык ресурсун толук кандуу колдонуу зарылчылыгы турат. Жагдайды эске алуу менен Кыргызстан ШКУга мүчө мамлекеттердин стратегиялык аналитикалык борборлорунун жетекчилеринин кеңешин түзүүнү сунуштап жатат.

Президентке караштуу Стратегиялык улуттук демилгелер институтунун жетекчиси Адилбек уулу Шумкарбек “Кабар” агенттигине ШКУ өлкөлөрү көп маселелерди ырбатпай, диалог аркылуу чечип алуу тажрыйбасына ээ экендигин билдирди. Ал эми уюмдун интеллектуалдык потенциалын толук колдонуу өлкөлөргө жаңы мүмкүнчүлуктөрдү алып келет.

WhatsApp Image 2026-05-21 at 16.30.33.jpeg
"Ар бир өлкөдө президентти, министрлер кабинетин стратегиялык документтер, демилгелер жана изилдөөлөр менен камсыздап турган аналитикалык борборлор иштейт. Мунун мааниси зор. Анткени аналитиктер өлкө жетекчилигине интеграциялык процесстерди, дүйнөдө болуп жаткан жагдайларды, саясий кубулуштарды анализдеп, чечмелеп берип, “мындан ары эмне болот?”, “эмнеге басым жасаш керек?”, “кандай иш-чаралар жүргүзүлүшү керек?” деген суроолорго жооп издешет.
Жалпысынан, ШКУнун Кыргызстанга тийгизген таасирин эл аралык интеграциялык процесстерде абдан жогору деп баалайм. Бул арада ШКУга көптөгөн мамлекеттер мүчө катары кирүү ниеттерин билдирип жатышат. Андан сырткары, уюмду негиздеген мамлекеттердин да өз ара байланышы абдан жогору. Четинен белгилей кетсек, Россия, Казакстан, Кытай өңдүү бизге жакын коңшулаш, стратегиялык мааниге ээ өлкөлөр көптөгөн маселелерди ырбатпай, диалог аркылуу, уюмдун платформасынын негизинде чечип алганга жетишти. Андан сырткары, уюмдун ичинде да көптөгөн демилгелер көтөрүлүп, ишке ашырылып келет. Учурда курулуп жаткан “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолу дагы ушул уюмдун ичиндеги демилгелердин катарына кирет", — деп билдирди Стратегиялык улуттук демилгелер институтунун жетекчиси Адилбек уулу Шумкарбек.

Глобалдык процесстердеги тоолуу аймактардын көйгөйлөрүн талдоо — ШКУнун аналитиктеринин Бишкектеги форумунун дагы бир өзгөчөлүгү болду. Климаттык өзгөрүү, экологиялык тобокелдиктер, дүйнөлүк экономиканын глобалдык трансформациясы шартында тоолуу өлкөлөр үчүн мүмкүнчүлүктөр талкууланды. Мындан сырткары, суу ресурстары, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздук боюнча ШКУдагы кызматташтык, тоолуу мамлекеттердин кызыкчылыгын илгерилетүү, алардын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу маселелери туурасында сөз болду.

Эл аралык талдоолор борборунун жетекчиси Эдил Осмонбетов "Кабар" агенттигине ШКУга мүчө мамлекеттердин президенттеринин Бишкектеги саммитинин күн тартиби климаттык өзгөрүүлөр шартындагы ишмердикти да камтышы керектигин билдирди.

WhatsApp Image 2026-05-21 at 16.31.29.jpeg
"ШКУ өлкөлөрүнүн алдында чоң чакырыктар турат. Жаңжалдар, геосаясий турбуленттик орун алууда. Терроризм, экстремизм, дүйнөлүк экономикадагы өзгөрүүлөр Борбор Азия өлкөлөрүнө жана ШКУга таасирин тийгизүүдө. Мындан тышкары, тышкы күчтөрдү да унутпашыбыз керек. ШКУ мамлекеттери бүгүнкү күндө өз күн тартиби менен жаңы чакырыктарга жооп берүү үчүн кадам-кадам иштерди жасап жатат деп ойлойм.
31-августтан 1-сентябрга чейинки саммитте Кыргызстан ШКУга төрага катары өзүнүн күн тартибин коёт. Климат өзгөрүп жатат, суу ресурстары маселеси бар, мөңгүлөр эрип жатат. Эми ошол чакырыктарга кандай жооп берүү керек? ШКУга 10 мамлекет мүчө болсо, ар биринин өз кызыкчылыктары бар. Жалпысынан ШКУ үч негизги чакырыкка жооп бериши керек. Алар — коопсуздук, экономика жана экология. Ушул үчөөнү чечип алышса эле, туруктуу мамлекеттерден болушат", — деди Эл аралык талдоолор борборунун жетекчиси Эдил Осмонбетов.

Глобалдык жаңжалдардын чыгуу шартында болуп жаткан процесстер менен алардын кесепеттерин терең билүү үчүн сапаттуу экспертизага муктаждык көбөйүүдө. Беларустун Стратегиялык изилдөөлөр институтунун өкүлү Юрий Ярмолинскийдин айтымында, аналитиктер учурда олуттуу процесстерге катышып жатышат.

WhatsApp Image 2026-05-21 at 16.32.21.jpeg
“Аналитикалык борборлор экспертиза менен камсыздап тим болбостон, башкаруу чечимдерин кабыл алууга, реалдуу саясатка аралашып, диалог каналына айланышты. Андыктан ШКУнун стратегиялык эксперттик коомчулугу аракеттерин жана ресурстарын колдон келишинче бириктириши керек”, - деп билдирди Юрий Ярмолинский.

Форумдун жыйынтыгында эксперттик коомчулуктун макулдашылган ыкмаларын жана сунуштарын чагылдырган жыйынтык документи (коммюнике) кабыл алынып, аналитикалык борборлор арасындагы кызматташуу тууралуу меморандумдарга кол коюлду.

Кошумчалай кетсек, форумдун алкагында Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери, ШКУнун мурдагы башкы катчысы Муратбек Иманалиевдин 70 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.