Бишкек, 28.03.25. /Кабар/. Ысык-Көлдөгү ак куулардын тынчын албоо керек. Алардын сууда жеми жетиштүү. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын илимий кызматкери, орнитолог Сейитказы Сагынбаев билдирди.
Анын айтымында, ак куулар Ысык-Көлгө кыштоого октябрь айынын аягында, ноябрь айынын башында учуп келип, март-апрель айларына чейин болушат. Анткени көл тоңбогондуктан кышты өткөрүүгө ыңгайлуу.
“Бул канаттуулардын көбү Сибирь менен Казакстандан учуп келет. Ак куулар бизде уялабайт. Алар жазында кайра өздөрүнүн жерлерине учуп кетет. Эгерде адамдар жээкке өтө жакындаган сайын алар алыстайт. Азыктарын негизинен тайыз жерлерден табышат, анткени чумкуй албайт да. Ак куулар башы жеткен жердеги суу өсүмдүктөрүнүн тамырлары жана балырлар менен азыктанат. Ал эми терең жерлерден тамак табуу кыйын. Адамдардан качып, суунун тереңирээк жерине кетип, ал жактан азык таба албай калышат. Ак куулардын өлгөнүн көрсөтүп жатышат. Өлгөн ак куу чоңураак экен. Ак куунун картаңы ушундай ак болот. Ал эми жашы күрөң түстө болот. Ак куулар көп өлгөн жок. Бул табигый көрүнүш”, - деди ал.
Ошол эле маалда орнитолог ак кууларга тамак берүү туура эмес экенин да белгиледи.
“Биз аларга атайын тамак берип, шарт түзүп бере албайбыз. Аларга азык таштап берүү да туура эмес. Эң маанилүүсү – аларды коркутпоо керек, анткени адамдардан чочуп, тамак таба албай калышы мүмкүн. Ошондуктан ак куулардын тынчын албай, жайына коюш керек. Ысык-Көлдө алардын жеми жетиштүү”, - дейт Сейитказы Сагынбаев.
Илимий кызматкерлердин 2025-жылдын январь айындагы акыркы жүргүзүлгөн санагына ылайык, Ысык-Көлдө 64 түрдөгү 68 миң 77 куш кездешти. Алардын ичинен Кызыл китепке кирген канаттуулардын 7 түрү бар. Куркулдак ак куунун быйыл 377си кыштаганы белгилүү болду.