Бишкек, 22.05.26. /Кабар/. Бүгүн, 22-майда саат 16:20 чамасында Аксы районунун Ак-Суу айыл аймагында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен сел жүрдү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Селдин кесепетинен Таш-Көмүр – Кербен унаа жолунун болжол менен 5-чакырымындагы Балапан-Сай сел өтүүчү сайынан суу ташып, көпүрөнү толугу менен бузуп кеткен. Ошол учурда Кербен шаарынан Таш-Көмүр шаарын көздөй бара жаткан Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү кичи автобусту сел агызып, 150 метрге чейин сүрүп барган.
Унаанын ичинде эки эркек киши болгон. Алар окуяга күбө болгон башка жарандардын унаасы менен дароо Таш-Көмүр шаардык ооруканасына жеткирилген. Дарыгерлердин текшерүүсүнөн кийин эки бейтапка тең амбулатордук жардам көрсөтүлдү.
Жерине ӨКМдин куткаруучулары, шаардык милициянын, Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана атайын техника тартылган.
Учурда кырсыктын кесепеттерин тактоо жана жолду, көпүрөнү калыбына келтирүү иштери кызуу жүрүп жатат.
Кошумча маалымат берилет.