Бишкек, 22.05.26. /Кабар/. Бүгүн саат 19:00 чамасында Манас шаарында катуу жаандан улам сел жүрдү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, анын кесепетинен көп кабаттуу 2 турак үйдүн, 15 турак жайдын жана 2 социалдык объектинин (1 мектеп жана 1 медколледж) короосун суу каптаган.
Саат 21:50гө карата селдин кесепеттерин жоюуга жалпы 70 куткаруучу, 8 мотопомпа, ЦУКСтан 4 кызматкер, Жарандык коргонуу кызматтарынан 151 кызматкер, 9 техника, жергиликтүү тургундардан 45 адам, жалпы 270 адам тартылды.
Кошумча маалымат берилет.