Бүгүн өлкө аймагында жалпы 13 сел кырсыгы катталды

Кырсык Загрузка... 22 Май 2026 22:11
70a206ad-a5b7-4d4a-904b-f98987b6b39e.jpeg
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 22.05.26. /Кабар/. Бүгүн, 22-майда, өлкөнүн түштүк аймактарында катуу жаан жаады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, саат 20:10го карата өлкө аймагында жалпысынан 13 сел катталды.

Алардын бөлүнүшү төмөнкүдөй:

Жалал-Абад облусу

  • Аксы районунда — 3,
  • Таш-Көмүр шаарында — 2,
  • Манас шаарында — 1,
  • Сузак районунда — 1;

Ош облусу

  • Алай районунда — 2,
  • Ноокат районунда — 1,
  • Кара-Суу районунда — 1,
  • Кара-Кулжа районунда — 1;

Талас облусу

  • Манас районунда — 1.
“Учурда жер-жерлерде кырдаалды тактоо жана кесепеттерин жоюу үчүн тиешелүү күчтөр менен каражаттар тартылып, иштер жүргүзүлүүдө”, — деп айтылат маалыматта.