Бишкек, 03.04.26 /Кабар/. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева КМШнын Адам укуктары боюнча комиссиясынын VI жыйынынын алкагында Кыргызстандын элчилигинин өкүлдөрү менен бирге Минск районундагы тергөө абагына барды.
Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, учурда ал жерде оор кылмыштарга шектелген үч кыргыз жараны кармалууда.
Жолугушуу учурунда алар кармоо шарттарына же медициналык тейлөөгө нааразычылык билдиришкен жок.
Жамиля Жаманбаева аларга өз укуктарын, анын ичинде соттолгондон кийин экстрадиция тартибин түшүндүрдү.
Эске салсак, акыйкатчы КМШнын жыйынында адам укуктарын коргоо, медициналык тейлөө жана эрте никеге туруунун алдын алуу боюнча кеңири баяндама жасаган.