Бишкек, 15.06.26. /Кабар/. Акыркы эки жылда Кыргызстандын жеңил өнөр жай тармагына 6,7 млрд сомдук инвестициялар тартылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жеңил өнөр жай тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап жатып билдирди.
Минкаб жетекчиси белгилегендей, 2024–2025-жылдары "100 өнөр жай ишканасы" долбоорунун алкагында 23 жеңил өнөр жай ишканасы пайдаланууга берилген.
“Натыйжада, 3971 жаңы жумуш орду түзүлдү. Жалпы инвестициялардын көлөмү 6,7 млрд сомго жетти. ”, - деди Адылбек Касымалиев.