Бишкек, 15.06.26. /Кабар/. "Кепилдик фонд" ААК менен Финансы министрлиги Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында 59 млн долларлык субсидиардык келишимге кол коюшту.
Кепилдик фондунан билдиришкендей, бул каражат өлкөдө "Жашыл кепилдиктер" механизмин ишке ашырууга жана микро, чакан, орто ишканаларды колдоого жумшалат.
Долбоордун максаты Кыргызстанда экологиялык таза технологияларды киргизүү, климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу жана жашыл каржылоо рыногун өнүктүрүү.
Каражаттар кайсы тармактарга жумшалат?
Ишкерлер алган насыялар үчүн кепилдиктер төмөнкү багыттагы долбоорлорго берилет:
- кайра жаралуучу энергия булактары жана энергияны үнөмдөө;
- өндүрүштөрдү экологиялык талаптарга ылайык модернизациялоо;
- туруктуу айыл чарба ыкмаларын киргизүү.
"Экономиканын жашыл трансформациясы жеткиликтүү каржылоосуз мүмкүн эмес. Жаңы кепилдик механизми ишкерлерге заманбап экологиялык технологияларды киргизүүгө жана бизнестин энергия натыйжалуулугун жогорулатууга жол ачат", - деди "Кепилдик фонду" ААК башкармалыгынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров.
Долбоор өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана жашыл экономиканын улуттук максаттарына жетүүгө шарт түзөт.