Акыркы коңгуроо. Нарын шаарында дээрлик 500 окуучу мектепти аяктады

Аймак Загрузка... 29 Май 2026 16:35
349089783_822908432591625_6786863186648576710_n.730x0.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 29.05.26. /Кабар/. Нарын шаарындагы бардык орто мектептерде акыркы коңгуроо салтанаттары өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти

Маалыматка ылайык, 11-классты 491, ал эми 9-классты 757 окуучу аяктады.

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев Ж.Чолпонбаев атындагы №10 орто мектепте өткөн салтанаттуу иш-чарага катышып, бүтүрүүчүлөрдү майрамы менен куттуктап, ак жол каалады.

Майрамдык жыйындын алкагында окууда өзгөчөлөнгөн алдыңкы окуучуларга калаа башчысынын Ыраазычылык каттары жана атайын стипендиялары салтанаттуу түрдө тапшырылды.