Ала-Букада быйылкы окуу жылында 275 бала жаңы мектепке барат

Аймак Загрузка... 01 Июль 2026 14:10
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 01.07.26. /Кабар/. Ала-Бука районунун Өрүктү айылында 275 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, заманбап билим берүү мекемеси үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында пайдаланууга берилет.

Мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланган объекттин жалпы баасы 132 млн сомду түздү. Мектептин аянты 1 665 чарчы метр, ичинде бардык шарттары менен төмөнкүлөр каралган:

  • 9 окуу классы жана заманбап лаборатория;
  • 103 орундуу кенен жыйындар залы;
  • окуу залы бар китепкана жана ашкана;
  • заманбап жабдылган спорт залы.

Курулуш иштери Мамлекеттик курулуш агенттигинин Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан толук көзөмөлдөндү.