Караколдон коңшу өлкөлөргө автобус каттамдары жүрө баштайт

Аймак Загрузка... 01 Июль 2026 15:10
735831750_1021.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 01.07.26. /Кабар/. Каракол шаарынан коңшу мамлекеттердин ири шаарларына түз жана туруктуу автобус каттамдарын ачуу пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Каракол шаарынын жол, курулуш жана коммуналдык инфраструктурасын өнүктүрүүгө арналган атайын техникалар менен таанышуусунда белгилүү болду.

Учурда Каракол шаарынан Каракол – Бишкек жана Каракол – Алматы багыттары боюнча 10 заманбап автобус каттап жатат. Алдыдагы пландар боюнча, эми мындан ары Кыргызстандын башка облустук борборлоруна гана эмес, Казакстандын Астана жана Өзбекстандын Ташкент шаарларына чейин туруктуу каттамдарды ачуу пландалууда.

Бул максатта республикалык бюджеттин эсебинен жаңы автотехникалар сатып алынды. Жыл аягына чейин демөөрчүлөрдүн каражаттары менен автобустардын саны дагы 75ке көбөйтүлөт.

Жаңы каттамдарга чыга турган бардык автобустар заманбап эл аралык талаптарга жооп берет. Алар жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу жана ыңгайлуулугу үчүн атайын видеокөзөмөл тутумдары, GPS-трекерлер жана кондиционерлер менен толук жабдылган. Бул демилге аймактагы туризмди өнүктүрүүгө жана эл аралык транспорттук байланышты чыңдоого шарт түзөт.