Ош шаары Швейцария жана Япония менен өнөктөштүктү кеңейтет

Аймак Загрузка... 01 Июль 2026 15:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 01.07.26. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Сироко Мессерлини жана Япониянын элчиси Рюти Хиранону кабыл алды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушууда Ош шаарынын Швейцария жана Япония менен болгон кызматташтыгынын учурдагы абалы жана аны жаңы багыттарда кеңейтүү маселелери талкууланды.

Калаа башчысы Ош эл аралык өнөктөштүккө ачык экенин айтып, инфраструктура, инвестиция, санариптештирүү, муниципалдык кызматтарды жакшыртуу жана жаштар саясаты боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдарлыгын билдирди.

"Ошондой эле мэр шаарда билим берүү, саламаттык сактоо, жол-транспорт, жашылдандыруу багытында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берип, артыкчылыктуу долбоорлорду тааныштырды",-деп айтылат маалыматта.