Аламүдүндө белгиленбеген жерге таштанды төккөн жаранга чара көрүлдү

Укук тартиби Загрузка... 16 Июнь 2026 14:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Экологиялык көзөмөл кызматы

Бишкек, 16.06.26. /Кабар/. Аламүдүн районунун Константиновка айылында белгиленбеген жерге таштанды төккөн жаран кармалып, жоопкерчиликке тартылды.

Экологиялык көзөмөл кызматынан билдиришкендей, мыйзамсыз аракеттер боюнча жергиликтүү тургундардан маалымат түшкөн. Инспекторлор ыкчам түрдө жерине барып, мыйзам бузуу фактысы тастыкташкан. Натыйжада М.Н. аттуу жаранга Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде протокол түзүлгөн.

Инспекторлордун мыйзамдуу талабы менен укук бузуучу өзү төккөн таштандылардын бардыгын кайра өз колу менен жыйнап, аймакты толугу менен тазалап чыкты.

Экологиялык көзөмөл кызматы жарандарды айлана-чөйрөнү таза сактоого чакырат. Таштандыны туш келди жерге таштагандар үчүн мыйзамга ылайык 23 миң сомго чейин айып пул каралган.