Бишкек, 15.06.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын Свердлов райондук муниципалдык администрациясынын кызматкерине карата кылмыш иши козголду.
Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан шаар тургундары менен болгон жолугушууда келип түшкөн кайрылуулар боюнча текшерүү жүргүзүлгөн.
Анда Бишкек шаарынын Свердлов райондук муниципалдык администрациясынын кызматкери К.Ы.М. жеке ишкерден кызматтык абалын пайдаланып, материалдык пайда алуу максатында муниципалдык жерди мыйзамсыз пайдалангандыгы үчүн системалуу түрдө акча каражатын алып жүргөндүгү аныкталган.
Натыйжада жеке ишкерден жалпы суммасы 195 миң сом мыйзамсыз алынган.
Аталган факты боюнча "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" жана "Пара алуу" беренелери менен кылмыш иши козголуп, учурда тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.