Ош шаарынын тургуну Алихан Абдыкаимов АКШдагы абройлуу Айви Лигасына (Ivy League) кирген университеттердин бири — Корнелл университетинин (Cornell University) бакалавр программасына кабыл алынган алгачкы кыргызстандык болду. Ал ушул жылы Cornell Engineering инженердик колледжине окууга тапшырып, билим алуусу үчүн болжол менен 425 миң долларлык толук каржылоого ээ болду. “Кабар” агенттигине берген маегинде Алихан окууга кантип өткөндүгү, даярдыгы жана технология жаатындагы пландары тууралуу айтып берди.

— Алихан, өзүңүз жөнүндө кыскача айтып берсеңиз. Эмне себептен Корнелл"университетине окууну чечтиңиз?
— Мен Ош шаарынан болом, 18 жаштамын. Кичинемден эле технологияга абдан кызыгам. Алгач жөнөкөй сайттарды жасап, кошуналардын Wi-Fi түйүндөрүн бузуп көрүүгө аракет кылуудан баштагам. Кийинчерек хакатондорго катышып, дрондор, киберкоопсуздук, 3D моделдөө жана видео монтаждоо менен алектене баштадым. Акыркы эки жылда Японияда IB программасы боюнча билим алдым.
Cornell университети жөнүндө көпкө ойлондум. Көптөгөн окуу жайларды изилдеп көрүп, анын ичинен "Cornell" мени абдан кызыктырды. Анткени ал жакта инженерия — бул жөн гана китептеги кургак теория эмес. Студенттер сабактан кийин иш жүзүндө машиналарды куруп, изилдөөлөрдү жүргүзүп, баарын өз колдору менен жасашат. Мен дал ушундай адаммын, мага бир нерсенин кандай иштей турганын билүү жетишсиз, аны өзүм кайра жасап көргүм келет. Чынын айтканда, алардын эл аралык студенттер үчүн каржылык колдоосу жакшы. Ошондой эле Cornell — Айви Лигасындагы эң мыкты инженердик мектептердин бири.
— Мындай жогорку деңгээлдеги университетке тапшыруудагы татаал этаптарга токтоло кетсеңиз?
— Менимче окууга тапшыруу процесси эмес, ага чейинки басып өткөн жол кыйын болду. Японияда IB программасында окуп жүргөн кезде чарчаган учурларым болду. Экзамендердин алдында түнү менен уктабай ден соолугум начарлап, эч нерсени түшүнбөй жаткандай сезимдер болду. Бирок, күчүм кетип турса да алдыга карай кадамымды улантуу керек эле. Окууга тапшыруу процесси жөнүндө айтсам, эң кыйыны эссе жазуу, ошол эле учурда окуу менен бардык нерсенин ортосунда тең салмактуулукту сактоо болгон.

— Тандоодон өтүүңүзгө кандай билим жана көндүмдөр жардам берди деп ойлойсуз?
— Так ушул нерсе жардам берди деп айтуу кыйын, бирок бул бир гана көндүм эмес экени анык. Менимче, мен жөн гана аракет кылып көрбөстөн, реалдуу прототиптерди жаратканым башкы ролду ойноду. Программалоону жөн эле үйрөнбөстөн, дароо долбоорлорду ишке ашырып жаттым. Физика боюнча жөн эле китеп окубастан, изилдөөлөрдү жүргүзүп, пайдалуу моделге патент алдым. Университеттер бир нерсени жөн гана билген адам менен ошол нерсени иш жүзүндө жасаган адамдын ортосундагы айырманы абдан жакшы көрө билишет.
Мындан сырткары, IB программасы да чоң роль ойноду. Ал изилдөө иштери аркылуу студентти университеттик деңгээлдеги ой жүгүртүүгө даярдайт.

— Сиз ага чейин эле эл аралык долбоорлорго жана мелдештерге катышып, тажрыйба топтогон экенсиз. Алар инсан катары өнүгүүңүзгө жана кесип тандооңузга кандай таасир этти?
— Баары Ош шаарындагы Купуев академиясында башталган. 8-класска кирүү сынагында мектептин директору Асел Пирматовна мага ишеним артып, окуу акысына 100% арзандатуу берген. Биздин үй-бүлө үчүн бул абдан чоң колдоо болчу жана мен муну жакшы түшүнчүмүн.
Дал ошол учурдан тартып мен жакшы окуп баштадым, бардык ийримдерге катышып, иш-чараларды уюштурдум. KTB бизнес-клубун түзүп, анда кайрымдуулук иш-чараларын өткөрүү менен балдар үйлөрү үчүн каражат чогултчу элек. Акыр-аягы ушул жетишкендиктерим мага Япониядагы мектепке кирүүгө жардам берди. Сизге өз убагында ишенген бир эле адам бүтүндөй жашооңузду өзгөртүп коё алат экен.
Хакатондордо мен көбүнчө эң жаш катышуучу болчумун. Башында бул нерсе бир аз кооптонууну жаратканы менен, дал ошол жерден мен жаш менен тажрыйба эки башка нерсе экенин түшүндүм. Эгерде сен чындап пайдалуу нерсе жасап жатсаң, эч ким сенин жашыңды сурабайт.
Японияга көчүп барганда окуучулардын 3D-принтерлерди кадимкидей эле колдонуп жатышканын, ал жакта физиканы тек гана окуу китептеринен окубастан, эксперименттер аркылуу үйрөнүшөрүн көрдүм. Ошондо Кыргызстандын билим берүү тармагы тууралуу ойлонуп, ичимден бир топ муңайдым.

Биз албаниялык досум экөөбүз Япониядан жалпы баасы 7 миң доллардай болгон англис тилиндеги китептерди алып келип, Ош шаарындагы мектеп окуучулары үчүн эки күндүк практикалык семинар өткөрдүк. Биз үчүн Кыргызстанда мындай демилгелерге суроо-талап бар экендигин өзүбүздүн мектепке жана өнөктөштөргө далилдөө абдан маанилүү болчу. Муну биз ийгиликтүү ишке ашыра алдык.
Андан кийин Ошто мен Япониядан көргөн физика класстарындагыдай чыныгы лаборатория ачууга аракет кылдым. MIT окуу жайынын бүтүрүүчүлөрү, ошондой эле Япониядагы лабораториялык жабдууларды жеткирүүчү эң ири "AsOne" компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, колубуздан келишинче көп жерге кат жаздык. Тилекке каршы, мынчалык чоң жүктү миңдеген чакырым алыстыкка ташып келүүгө эч ким макул болгон жок. Бирок дал ушул баш тартуулар аркылуу мен багынбоо мүнөзүмө мүнөздүү экенин жана акыры баары бир бул ишти татыктуу деңгээлде ишке ашыргым келерин түшүндүм.
Ушундай долбоорлор аркылуу мен үчүн технология жөн гана сүйүктүү иш эмес экенин аңдап билдим. Мага бир нерселерди куруп, жаратуу жагат. Бирок андан да көбүрөөк — ошол жасаган ишимдин кимдир бирөөгө пайдасы тийип жатканы жагат. Ошондуктан мен бүтүндөй өлкөбүз үчүн инфраструктураларды кура ала турган электр жана компьютердик инженерия багытын тандап алдым.
— Окуудан сырткары эмнелер менен алектенгенди жакшы көрөсүз?
— Окуудан тышкары убактымды спорт залда өткөрөм, спорт мен үчүн абдан маанилүү. Кээде видео оюндарды ойнойм, бирок акыркы эки жылда ага убактым деле болбой калды. Эгер кокусунан кандайдыр бир идея же долбоор таап алсам, бир нече айга ошону менен алектенип, бүт бош убактымды жумшайм. Учурда негизинен университетке даярданып жатам.

— Окууну аяктагандан кийин келечегиңизди кандай көрөсүз? Алган билимиңизди Кыргызстанда колдонууну пландап жатасызбы?
— Ооба, Кыргызстанга кайтып келүүнү каалайм. Ошто мен окуган мектептин директору Асел Пирматовна Dartmouth университетин бүтүрүп, дүйнөдөгү эң күчтүү компаниялардын биринде иштеген. Бирок, баары бир Ошто мектеп ачуу үчүн кайтып келген. Ал дагы деле мага окшогон мектеп окуучуларына жардам берип келет.
Мен дагы алгач тажрыйба, капитал жана байланыштарды топтоп, баарын кайра Кыргызстанга жумшагым келет. Бул так кандай форматта болорун азырынча билбейм. Бирок, ушул өзгөрүүлөрдүн бир бөлүгү болгум келерин так билем.
— Чет өлкөлүк университеттерге тапшырууну кыялданган Кыргызстандагы окуучуларга кандай кеңеш бере аласыз?
— Өзүңүздөрдү толук даяр сезе турган учурду күтпөңүздөр. Мен эч качан өзүмдү жетиштүү деңгээлде акылдуу же толук даярмын деп сезген эмесмин. Жөн гана кийинки кадамды таштап, артынан эмне болорун күтчүмүн. Сөзсүз документ тапшырып көрүңүздөр. Боло турган эң жаман нерсе — бул баш тартуу, бирок аракет кылып көрбөсөк, ансыз деле эч нерсебиз жок да, эч нерсе жоготпойбуз.
Мен өзүм Японияда жана Кыргызстанда толугу менен акысыз окудум. Чынын айтсам, бул окуулардын бирөөсүнө да өзүмдү жетиштүү даярмын деп сезген эмесмин. Мен деле Оштун кадимки эле мектеп окуучусумун. Мени башкалардан айырмалап турган деле өзгөчө эч нерсе жок.