Алты мүнөттүн ичинде эки ирет: Камчаткада күчтүү жер титирөө катталды

Дүйнө Загрузка... 15 Июль 2026 11:55
391001.jpg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 15.07.26 /Кабар/. Камчатка аймагында 6 жана 5,7 баллдык эки жер титирөө катталды. Бул тууралуу Россия Илимдер академиясынын “Бирдиктүү геофизикалык кызмат” федералдык изилдөө борборуна таянып, ТАСС билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөөлөр бүгүн катталып, алардын ортосунда болгону 6 мүнөт убакыт айырма болду.

Алты баллдык биринчи жер титирөөнүн очогу 64,6 чакырым тереңдикте жайгашып, Петропавловск-Камчатский шаарынан 210 чакырым алыстыкта болгон. Ал эми экинчи 5,7 балддык зилзала 72 чакырым тереңдикте катталып, шаардын түштүк-чыгыш тарабында, 206 чакырым аралыкта жайгашты.

Азырынча жер титирөөлөрдөн улам жабыркагандар же кыйроолор тууралуу маалымат түшө элек.