Мюнхенде сууну колдонууга катаал чектөөлөр киргизилди

Дүйнө Загрузка... 15 Июль 2026 09:05
66ed1189-07c5-488c-9cb8-a35fdeafff8d.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 15.07.26 /Кабар/. Германиянын Мюнхен шаарында узакка созулган ысык жана жаан-чачындын аздыгынан улам сууну пайдаланууга биринчи жолу расмий чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу DW басылмасына таянып Казинформ жазды.

Шаар бийлигинин чечими 14-июлда жарыяланып, дароо күчүнө кирди. Чектөөлөр 1-августка чейин күчүндө болот. Зарыл учурда мөөнөтү узартылышы мүмкүн.

Жаңы эрежеге ылайык, жеке бассейндерди жана башка сууга түшүүчү жайларды суу менен толтурууга, ошондой эле фонтандарды иштетүүгө тыюу салынды.

Мындан тышкары күн сайын саат 09:00дөн 19:00гө чейин бак-дарактарды, короо-жайды жана жеке газондорду сугарууга болбойт. Бул талап айыл чарба жерлерине, токойлорго, көрүстөндөргө, коомдук аймактарга жана спорт аянтчаларына тиешелүү эмес.

Ошондой эле атайын унаа жуучу жайлардан тышкары жерде автоунаа жууганга, шаар аймагындагы дарыялардан, көлдөрдөн жана булактардан суу алууга тыюу салынды. Жеке кудуктардагы сууну бассейнге куюуга, газон сугарууга же унаа жууганга да уруксат берилбейт.

Эрежени бузгандарга 50 миң еврого чейин айып пул салынышы мүмкүн.

Мюнхендин обер-бургомистри Доминик Краузе шаар тургундарын сууну үнөмдүү пайдаланууга чакырып, жер алдындагы суу запасынын деңгээлин калыбына келтирүү зарыл экенин белгиледи. Анын айтымында, жакынкы күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачын суу корун толуктоого жетишсиз болот.

Мындан тышкары шаар жетекчилиги келечекте болушу мүмкүн болгон кургакчылыкка даярдык көрүү үчүн узак мөөнөттүү суу стратегиясын иштеп чыгууну тапшырды.

Ушундай эле суу үнөмдөө чаралары Мюнхенге жакын жайгашкан Унтерхахинг, Гархинг, Нойбиберг жана Унтерфёринг шаарларында да киргизилди. Азыркы тапта Германиянын башка аймактарында, анын ичинде Ганноверде, Потсдамда жана бир катар райондордо да сууну пайдаланууга чектөөлөр колдонулууда.