Дүйнөлүк биржада алтын менен күмүштүн баасы кымбаттоону улантууда

Дүйнө Загрузка... 14 Июль 2026 15:57
1784015684354771256.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 14.07.26. /Кабар/. Нью-Йорктогу COMEX товардык биржасында баалуу металлдардын баасы кайрадан жогорулады. Бул тууралуу АЗЕРТАДЖ маалымдады.

Акыркы соодалык көрсөткүчтөргө ылайык, баалуу металлдардын наркы төмөндөгүдөй өзгөрдү:

  • Алтындын бир трой унциясынын баасы 31,5 долларга жогорулап, 4 037,2 долларды түздү.
  • Күмүштүн бир трой унциясынын баасы 0,62 долларга өсүп, 58,59 доллар болду.

Адистердин айтымында, дүйнөлүк экономикадагы олку-солкулуктан улам инвесторлор алтын менен күмүштү коопсуз актив катары көрүп, аларга болгон суроо-талап туруктуу өсүп жатат.