Бишкек, 14.07.26. /Кабар/. Швециянын бийлиги өлкөнүн жарандыгын алууну каалаган чет элдиктер үчүн милдеттүү түрдө сынак тапшыруу тартибин киргизүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Жаңы эрежелерге ылайык, талапкерлер эми эки негизги багыт боюнча сынактан өтүшү керек:
- швед тилин тийиштүү деңгээлде билүү талабы;
- Швециянын мыйзамдары, маданияты, коомдук түзүлүшү жана тарыхы боюнча негизги билимдерди текшерүү.
Швециянын өкмөтү бул кадам иммигранттардын жергиликтүү коомго ийгиликтүү интеграцияланышына жана өлкөнүн баалуулуктарын урматтоого өбөлгө түзөт деп эсептейт. Буга чейин Швеция Европа биримдигиндеги жарандык алуу үчүн тил же коомдук багыттагы милдеттүү сынактары жок саналуу өлкөлөрдүн бири болуп келген.
Адистердин айтымында, бул реформа өлкөдөгү миграциялык саясатты катаалдантуу багытындагы кезектеги кадам болуп саналат. Учурда жаңы мыйзам долбоорун толук ишке киргизүүнүн мөөнөттөрү жана техникалык шарттары такталууда.