SpaceX 2027-жылдан тарта космоско дата-борборлорду чыгара баштайт

Дүйнө Загрузка... 14 Июль 2026 15:20
17840183123475270_1200x630.jpeg
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 14.07.26. /Кабар/. Атактуу миллиардер Илон Масктын SpaceX компаниясы 2027-жылдан тарта жердин орбитасына маалыматтарды иштеп чыгуучу борборлорду (дата-центрлерди) чыгарууну пландаштырууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Компаниянын башкы директору Илон Маск билдиргендей, бул долбоордун алкагында негизги прогресске 2028-жылга чейин жетүү максат кылынууда. Буга чейин SpaceX жасалма интеллект тапшырмаларын аткарууга багытталган, космостогу эң ири эсептөө инфраструктурасы боло турган "Starmind" орбиталдык дата-борборлор тармагынын долбоорун жарыялаган.

Ошондой эле SpaceX компаниясы өзүнүн эң кубаттуу Starship ракеталык системасынын 13-ийгиликтүү сыноосун ушул жылдын 16-июлуна белгиледи. Техастагы "Starbase" космодромунан учуруу жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:45ке пландалууда.

Ракета алгачкы жолу орбитага жаңы 20 даана "Starlink V3" спутнигин алып чыгат. Спутниктердин алтоосу ракетанын жылуулуктан коргоочу катмарын көзөмөлдөө үчүн атайын камералар менен жабдылган.

Миссия учурунда космос мейкиндигинде "Raptor" кыймылдаткычын кайрадан от алдыруу жана ракетаны Инди океанына башкарылуучу түрдө кондуруу пландалууда.

Эске салсак, буга чейинки сыноолордогу айрым мүчүлүштүктөрдү эске алуу менен, инженерлер бул жолу ракетанын программалык камсыздоосун жана жабдыктарын толук модернизациялашкан.