Кытайда катализатор өндүрүүнү жүз эсе тездеткен жаңы технология иштелип чыкты

Дүйнө Загрузка... 15 Июль 2026 09:15
9e8439a7-0201-43c0-83c1-0a498381d764.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 15.07.26. /Кабар/. Кытайдын Тяньцзинь университетинин окумуштуулары платина металлдарынын негизиндеги катализаторлорду даярдоонун жаңы технологиясын иштеп чыгышты. Ал катализаторлорду өтө кыска убакытта жана жогорку тактык менен өндүрүүгө мүмкүнчүлүк берерин Синьхуа кабарлады.

Анда белгиленгендей, изилдөөнүн жыйынтыгы дүйнөдөгү абройлуу Science илимий журналында жарыяланды.

Жаңы технология миллисекундалык жылуулук импульстары аркылуу катализаторлордун түзүлүшүн так көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк түзөт. Мунун аркасында мурда бир нече саатка созулган өндүрүш процесси бир нече мүнөттө аяктайт.

Долбоордун жетекчиси, Тяньцзинь университетинин профессору Ху Вэньбиндин айтымында, бул ыкма баалуу металлдарды үнөмдүү пайдаланууга жана катализаторлордун натыйжалуулугун жогорулатууга шарт түзөт. Ошондой эле ал экологиялык таза суутек энергетикасын өнүктүрүүгө жана көмүр кычкыл газынын бөлүнүп чыгышын азайтууга жардам берет.

Окумуштуулардын маалыматына ылайык, жаңы технология катализаторлорду өндүрүүгө кеткен энергияны 90 пайызга чейин кыскартат. Ошондой эле айлана-чөйрөгө зыян келтирүүчү химиялык заттарды колдонуу муктаждыгы азаят.

Жаңы ыкма менен даярдалган катализаторлор суутек отун элементтеринде жогорку кубаттуулукту жана узак мөөнөттүү туруктуулукту көрсөткөн.

Изилдөөчүлөр бул технология келечекте суутек энергетикасында, химия өнөр жайында, экологиялык технологияларда жана фармацевтика тармагында кеңири колдонуларын белгилешти.