Алтын сертификаттын ээси Турсункожоева: Балалык кыялым – чет өлкөдө билим алуу болчу

Билим Загрузка... 21 Июль 2026 15:25
WhatsApp Image 2026-07-21 at 15.01.20.jpeg
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 21.07.26 /Кабар/. Каракол шаарындагы “Ломоносов мектеби” илимий-билим берүү комплексинин бүтүрүүчүсү Айбике Турсункожоева Жалпы республикалык тестирлөөнүн мыкты жыйынтыгын көрсөтүп, бир катар чет өлкөлүк жогорку окуу жайларына кабыл алынды.

Анын айтымында, ал тестирлөөгө даярдыкты 10-классында баштап, 11-класста күчөтүлгөн тартипте жүргүзгөн.

“Бул мектепте эки жыл билим алдым. Андагы окутуу усулдары ЖРТга сапаттуу даярданууга чоң жардам берди. Атап айтканда мектепте алган билимим жогорку жыйынтык көрсөтүүгө өбөлгө түздү”, - деди ал.

Айбике бала кезинен эле чет өлкөдө билим алууну кыялданганын айтып, бул максаты үчүн абдан жигердүү даярданганын белгиледи.

“Март айында IELTS эл аралык тил сынагын тапшырдым. Университеттерге документ тапшыруунун бардык баскычтарын өзүм жүргүздүм. Мага эч ким жардам берген жок. Натыйжада Түштүк Кореядагы университетке толук грант менен кабыл алындым. Ошондой эле Германиянын жогорку окуу жайына окуу акысына 85 пайыздык жеңилдик менен өттүм. Андан сырткары, Кытайдын Гонконг университетине да тапшырдым эле. Учурда алардан жооп күтүп жатам. Жыйынтыгы билингенден кийин алардын бирөөсүн тандайм”, - деди бүтүрүүчү.