ЖРТ: Быйыл босого баллдан өткөн абитуриенттер 67 пайызды түздү

Билим Загрузка... 21 Июль 2026 12:25
WhatsApp Image 2026-07-21 at 12.00.39.jpeg
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 21.07.26 /Кабар/. Быйыл Жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан абитуриенттердин саны көбөйдү. Бул тууралуу ЖРТдан жогорку балл жана “Алтын сертификат” алган бүтүрүүчүлөргө президенттин сертификатын тапшыруу аземинде Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева билдирди.

Анын айтымында, тест тапшыргандардын санынын көбөйүшү быйыл киргизилген жаңы талаптар менен да байланыштуу.

“Былтыр ЖРТны 57 миңден ашуун адам тапшырса, быйыл алардын саны кыйла көбөйүп, 69 миң 467 адам тапшырды. Тест форматы менен талаптары өзгөргөн жок жана өлкө боюнча 146 жерде тест алуу борборлору уюштурулду. Ошондой эле абитуриенттердин болжол менен 67 пайызы босого баллдан жогору жыйынтык көрсөттү. Бул көрсөткүч өткөн жылдагы көрсөткүчкө жакын.
Тест тапшыргандардын санынын көбөйүшү быйыл киргизилген жаңы талаптар менен да байланыштуу. Атап айтканда, быйыл ЖРТ жогорку окуу жайларына гана эмес, 11-класстын базасындагы орто кесиптик окуу жайларга тапшырууда да милдеттүү болду. Ошондуктан тест тапшыргандардын саны кыйла өстү”, — деди ал.

Ошондой эле анын айтымында, акыркы жылдары абитуриенттер арасында тарых предметине суроо-талап жогору бойдон калууда. Мындан сырткары, англис тили боюнча тестке кызыгуу да жылдан-жылга өсүүдө. Ал эми негизги тест менен мамлекеттик тил боюнча тест бардык абитуриенттер үчүн милдеттүү болуп эсептелет.