Кендирбаева: Дүйнөдө даяр, билимдүү кадрлар үчүн атаандаштык күчөдү

Билим Загрузка... 21 Июль 2026 12:50
WhatsApp Image 2026-07-21 at 09.39.26.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 21.07.26 /Кабар/. Билим берүү реформасы ар бир бала үчүн бирдей мүмкүнчүлүк түзүүгө багытталган. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева ЖРТдан жогорку балл алган жана “Алтын сертификатка” ээ болгон бүтүрүүчүлөргө президенттик сертификаттарды тапшыруу аземинде билдирди.

Анын айтымында, быйыл ЖРТда эң жогорку жыйынтык көрсөткөн бүтүрүүчүлөр өлкөнүн алдыңкы жогорку окуу жайларына артыкчылык менен автоматтык түрдө кабыл алынды. Алардын арасында чет өлкөлөрдүн дүйнөлүк деңгээлдеги университеттерине тапшырып жаткан бүтүрүүчүлөр да бар.

“Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө адам капиталы үчүн атаандаштык күчөдү. Мамлекеттер алгач адам төрөлүп, бала бакча, андан кийин мектепте билим алып, жогорку окуу жайына өтүп, анын мыкты адис болуусун күткөндөн көрөкчө жетилген, мыкты жаштарды өз өлкөсүнө тартууга кызыкдар болуп жатышат. Анткени жогорку билимдүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү жаштар өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн негизги кыймылдаткыч күчү болуп саналат”,- деди ал.

Министр ошондой эле, быйылкы жылы бүтүрүүчүлөр көбүрөк тандап жаткан ЖОЖдорго токтоло кетти.

“Абитуриенттердин көбү быйыл биринчи орунда И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин, андан кийин Борбор Азиядагы Америка университетин (АУЦА), Кыргыз-Түрк “Манас” университетин жана Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын тандашкан”,-деди министр.

Кендирбаеванын айтымында, президенттин тапшырмасынын негизинде иштелип чыккан “Булак” платформасы аркылуу бир эле учурда 94 миң окуучу ЖРТга даярданган. Бир минутанын ичинде платформаны 2 миңге чейин бүтүрүүчү колдонуп, онлайн машыгуу жүргүзгөн. Платформага ЖРТ боюнча 13 миңге жакын суроо жайгаштырылып, аны өлкөнүн каалаган жеринен колдонууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

“Быйыл платформа жаңы ишке киргизилгендиктен, окуучулар бир айдай гана даярдана алышты. Кийинки окуу жылында алар бул ресурсту бир жыл бою пайдаланып, үзгүлтүксүз даярдануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Мындан тышкары, мугалимдер үчүн да атайын окутуу жана такшалуу программалары даярдалып жатат.
Ошондой эле биздин статистика ЖРТда жогорку жыйынтык көрсөткөндөрдүн арасында өлкөнүн бардык аймактарындагы кадимки жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары көп экенин көрсөттү. Бул жүргүзүлүп жаткан билим берүү реформалары айрым гана окуучуларга эмес, ар бир балага бирдей мүмкүнчүлүк түзүүгө багытталганын айгинелейт. Реформанын негизги максаты — улуттук билим берүү системасын дүйнөлүк стандарттарга жакындатуу”, - деди Кендирбаева.

Министр ошондой эле билим берүү тармагындагы инфраструктуралык өзгөрүүлөргө да токтолду. Анын айтымында, жаңы мектептер курулуп, окуу китептери жаңыланууда. Былтыртан бери 12 жылдык билим берүү программасына ылайыкташтырылган 4,5 миллион окуу китеби басылып чыгууда. Бул иштерге мамлекеттик бюджеттен 744 миллион сом бөлүнгөн. Китептерди даярдоо жана басып чыгаруу иштерин “Учкун” басмаканасы күнү-түнү үзгүлтүксүз жүргүзүп жатат.

“Мындан сырткары, мугалимдердин эмгек акысы жогорулатылгандан кийин жеке менчик мектептерге кеткен педагогдор кайра мамлекеттик мектептерге кайта баштады. Пенсия курагындагы мугалимдердин ордун акырындык менен жаш педагогдор менен толуктоо маселеси да каралууда.
Ошондой эле өлкө башчысынын демилгеси менен, жалпыга белгилүү болгондой, мектеп окуучуларынын тамак-ашына бөлүнүүчү каражат 40 сомго чейин көбөйтүлдү. Өзгөчө кенже курактагы балдардын сапаттуу тамактануусу алардын ден соолугу жана толук кандуу өсүп-өнүгүүсү үчүн өзгөчө мааниге ээ”, - деп сөзүн жыйынтыктады министр.