Бишкек, 21.07.26. /Кабар/. Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына, Чүй облусунун 100 жылдыгына жана Алыкул Осмонов атындагы адабий ийримдин 45 жылдыгына карата "Алыкул ФЕСТ – 2026" эл аралык поэзия фестивалы жана жалпы калемгерлер үчүн ыр сынагы жарыяланды.
Маданият министрлигинен билдиришкендей, фестивалдын алкагындагы адабий сынак Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында жайгашкан Алыкул Осмонов атындагы Мамлекеттик мемориалдык маданий комплексинде өткөрүлөт. Фестивалдын жыйынтыктоочу иш-чарасы 21-сентябрда уюштурулуп, жеңүүчүлөр сыйланат.
Сынакка Кыргызстандын аймагында жана чет өлкөлөрдө жашаган кыргыз калемгерлери, ошондой эле түрк мамлекеттеринин чыгармачыл өкүлдөрү катыша алышат. Кыргыз Республикасынын эл акындарынан тышкары бардык авторлор жаш өзгөчөлүгүнө карабастан өз чыгармаларын сунуштай алышат. Чет өлкөдөн катышуучулар үчүн онлайн форматта катышуу мүмкүнчүлүгү каралган.
Поэзия сынагы төмөнкү үч багыт боюнча өткөрүлөт:
- "Алыкул – Ата-Журттун акыны";
- "Эгемендүүлүк – эл энчиси";
- "Чүйүбүз – куттуу үйүбүз".
Ар бир автор сынакка үчкө чейин ыр сунуштай алат. Сынакка сунушталган ырлар мурда жарыяланбаган, көркөм поэзиянын талаптарына жооп берген жана сынактын темасын толук ачкан чыгармалар болушу керек.
Чыгармаларды кабыл алуу 2026-жылдын 28-августунда саат 18:00гө чейин жүргүзүлөт.
Жеңүүчүлөр Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун, Алыкул Осмонов атындагы эл аралык фонддун жана Алыкул Осмонов атындагы мамлекеттик мемориалдык маданий комплексинин Ардак грамоталары, медалдары, "Алыкулдун алтын калеми" атайын сыйлыгы, Ыраазычылык каттары жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышат.
Фестивалды уюштуруу жана координациялоо иштери Алыкул Осмонов атындагы мамлекеттик мемориалдык маданий комплекси тарабынан жүргүзүлөт.
Чыгармаларды жөнөтүү үчүн байланыштар:
WhatsApp: +996 703 238 544 (Чынара)
WhatsApp: +996 777 797 398 (Бакытжан)
Электрондук почта: bakytsultanmuratobna@gmail.com
Кошумча маалымат алуу үчүн:
+996 700 606 105
+996 777 796 398
+996 501 312 276 (WhatsApp).