Бишкек, 21.07.26 /Кабар/. Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт өнөр музейинде 14-июлдан 9-августка чейин "Изилдөөчүлүк кызыгуу" аттуу көргөзмө көрүүчүлөргө сунушталууда.
Маданият министрлигинен билдиришкендей, көргөзмө музейдин фонддорунда сакталган сейрек кездешүүчү живопись, графика жана скульптура чыгармаларын кеңири коомчулукка тааныштыруу менен бирге, аларга жүргүзүлүп жаткан заманбап илимий изилдөөлөрдү чагылдырат.
Экспозиция музейдин жабык фондусунан тандалып алынган эмгектерден түзүлүп, учурда ар кайсы өлкөлөрдөн келген искусство таануучулар, кураторлор жана изилдөөчүлөр тарабынан изилденип жаткан чыгармаларды бир аянтчага бириктирет.
Көргөзмө "Борбор Азиядагы заманбап искусство тарыхынын мейкиндигин калыптандыруу" (Building the Field of Modern Art History in Central Asia) аттуу эл аралык изилдөө семинарынын алкагында уюштурулду.
Семинардын негизги аянтчаларынын бири болгон Г. Айтиев атындагы музей аймактагы искусство мурасын жаңы өңүттөн иликтөөгө жана эл аралык академиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө салым кошууда.
Долбоор Getty фондунун колдоосу менен ишке ашырылып, Нью-Йорк университетинин алдындагы Борбор Азия искусствосун изилдөө боюнча жаңы демилгелердин негизин түзөт.
Анын негизги максаты – Борбор Азиядагы тажрыйбалуу жана жаш изилдөөчүлөрдүн, кураторлордун жана сүрөтчүлөрдүн ортосунда кызматташтыкты чыңдап, модернисттик жана заманбап искусствону биргелешип изилдөө үчүн туруктуу аянтча түзүү.
Эки жылга эсептелген долбоордун алкагында катышуучулар жеке жана жамааттык илимий-көркөм изилдөөлөрдү жүргүзүп, алардын жыйынтыктары коомчулукка заманбап жана жеткиликтүү форматтарда сунушталат.
Семинардын уюштуруучулары жана өнөктөштөрү – Нью-Йорк университетинин Искусство институтунун директору Жоан Ки жана Almaty Museum of Arts музейинин башкы куратору Инга Лаце.
Дареги: Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 196.