Бишкекте "Жаңы Өзбекстан: Шавкат Мирзиёевдин жолу" китебинин бет ачары өттү

Маданият Загрузка... 21 Июль 2026 17:55
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Маданият министрлиги

Бишкек, 21.07.26. /Кабар/. Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин реформаларына арналган "Жаңы Өзбекстан: Шавкат Мирзиёевдин жолу" китебинин кыргыз тилиндеги басылышынын бет ачары өттү.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, маданият министринин орун басары Салкын Сарнагоева, эки өлкөнүн элчилери Дүйшөнкул Чотонов менен Саидикрам Ниязходжаев жана илимий-чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү катышты.

"Басылма Өзбекстандын акыркы жылдардагы коомдук-саясий, социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жана мамлекеттик реформаларын аналитикалык жактан кеңири чагылдырат. Эмгектин кыргыз тилинде жарык көрүшү эки бир тууган элдин маданий-гуманитардык, руханий жана интеллектуалдык байланыштарын андан ары чыңдоого өбөлгө түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Аталган эл аралык илимий-аналитикалык эмгек буга чейин англис, араб, орус жана башка тилдерге которулуп, Вашингтондогу АКШ Конгрессинин китепканасында, Женевадагы БУУнун Тынчтык сарайында, ошондой эле Исламабад менен Түркиянын аналитикалык борборлорунда тааныштырылган.

Китеп Борбор Азиядагы геосаясий өзгөрүүлөрдү жана коңшу өлкөнүн өнүгүү жолун изилдеп-үйрөнүүнү каалаган саясатчылар, дипломаттар, студенттер жана кеңири окурмандар үчүн баалуу булак болуп саналат.