Бишкек, 30.06.26. /Кабар/. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Салкын Сарногоева 24-июнда Өзбекстандын Анжиян шаарында өткөн "Анжиян – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору – 2026" долбоорунун расмий ачылыш аземине катышты.
Маданият министрлигинен билдиришкендей, ТҮРКСОЙ эл аралык уюму тарабынан уюштурулган бул иш-чара түрк дүйнөсүнүн маданий байланыштарын бекемдөөгө жана орток баалуулуктарды жайылтууга багытталган.
Салтанаттуу ачылыш аземи "Бабур багы" амфитеатрында өтүп, ага түрк тилдүү мамлекеттердин маданият министрлери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, дипломатиялык миссиялардын жетекчилери жана маданият, искусство ишмерлери катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин катышуучуларга жолдогон куттуктоосу окулду. Анда Анжиян шаарынын түрк цивилизациясынын тарыхындагы, маданиятындагы жана адабиятындагы өзгөчө орду баса белгиленди.
Ачылыштын алкагында түрк элдеринин улуттук көркөм мурасын, чыгармачылык өнөрүн жана маданий салттарын чагылдырган кеңири программа тартууланды.
Ошондой эле, салтанат учурунда "Анжиян полькасы" бийинин 20 миңден ашуун катышуучу тарабынан аткарылышы менен катталган дүйнөлүк жетишкендик үчүн Гиннесстин рекорддор китебинин расмий сертификатын тапшыруу аземи өттү.