Бишкек, 29.06.26 /Кабар/. Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театры 91-театралдык сезонун ийгиликтүү жыйынтыктады. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, театр сезон ичинде ар кандай курактагы көрүүчүлөргө жалпысынан 190дон ашык спектакль тартуулап, 12 премьераны сахналаштырды.
Театр жамааты өлкө ичиндеги жана ШКУга мүчө мамлекеттерде өткөн 6 эл аралык театр фестивалына катышты. Ошондой эле Россиянын Новокузнецк шаарына чыгармачылык сапар менен барып, Бишкекте Санкт-Петербургдагы Балтийский дом театрынын гастролдук программасын өткөрдү.
Социалдык жоопкерчилик алкагында балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларына жана ардагерлерге арналган 6 кайрымдуулук иш-чарасын өткөрүп, 3000ден ашык көрүүчүгө өз өнөрүн тартуулады.
Мындан тышкары, сахнаны жарыктандыруу жана үн жабдууларын жаңылоо иштери улантылды.
Театр быйылкы сезондо Москвада өткөн "Театрал жылдызы" (Звезда театрала) көрүүчүлөр сыйлыгынын "Чет өлкөдөгү мыкты орус театры" номинациясына жана Кирилл Лавров атындагы эл аралык сыйлыкка ээ болду.