Бишкек, 26.06.26 /Кабар/. Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Эл артисти, өлкөдөгү алгачкы аял композиторлордун бири Жылдыз Малдыбаеванын 80 жылдыгына арналган кече өттү.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, иш-чаранын алкагында пианист Алексей Холодов композитордун "24 прелюдиясы" жана "Токката" чыгармаларын аткарды.
Бул чыгармалар 2025-жылы П.И. Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясынын алдындагы Борбордук музыкалык мектептин концерттик залында жазылган премьералык альбомго кирген.
Ошондой эле концерттин алдында театрдын фойесинде композитордун өмүр жолун жана чыгармачылык ишмердүүлүгүн чагылдырган "Музыка — тагдырга айланган өмүр" аттуу көргөзмө уюштурулду. Көргөзмөдөн ар кыл жылдардагы архивдик сүрөттөрдү, документтерди жана буга чейин коомчулукка жарыялана элек материалдарды көрүүгө болот.