Бишкек, 25.06.26. /Кабар/. Будапешт шаарында кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин каарманына арналган эстелик тургузулду.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, эстелик жазуучунун адабий мурасын жайылтуу жана эки өлкөнүн маданий кызматташтыгын чыңдоо максатында орнотулду.
"Бул долбоор Будапешттин "Дуна-Фок" паркында, Кыргызстандын Венгриядагы элчилигинин демилгеси жана жергиликтүү муниципалитеттин колдоосу менен ишке ашты", - деп айтылат маалыматта.