Бишкек, 22.06.26. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарындагы Мурат Ауэзовдун үй-музей-китепканасында белгилүү коомдук ишмер, дипломат жана маданият таануучу Мурат Мухтарович Ауэзовдун бюсту ачылды.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, иш-чара Ысык-Көл эл аралык форумунун алкагында өттү.
Ага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, Кытайдын эл жазуучусу, Нобель сыйлыгынын лауреаты Мо Янь, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү, маданият жана коомдук ишмерлер, чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү катышты.
"Ачылыш аземинде Султан Раев сөз сүйлөп, Мурат Ауэзовдун түрк дүйнөсүнүн маданий байланыштарын өнүктүрүүгө, руханий баалуулуктарды чыңдоого жана кыргыз-казак элдеринин кызматташтыгын бекемдөөгө кошкон салымын белгиледи",-деп айтылат маалыматта.