Жети кылдуу байыркы кыргыз аспабы калыбына келтирилди

Маданият Загрузка... 22 Июнь 2026 15:50
copyright icon Маданият министрлиги

Бишкек, 22.06.26. /Кабар/. Кыргыздардын байыркы аркайык музыкалык аспабы кайрадан калыбына келтирилип, анын жаңы үлгүсү сунушталды.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, аспаптын археологиялык негиздерин аныктоодо белгилүү археолог Орозбек Солтобаевдин изилдөөлөрү өзгөчө мааниге ээ болуп, тийиштүү табылгалар Ысык-Көл аймагындагы Сан-Таш айылынан табылган.

Тарыхый жана илимий маалыматтарга таянган адистер дүйнөгө кеңири белгилүү болгон арфа аспабынын түпкү теги дал ушул байыркы аркайык менен байланыштуу болушу мүмкүн деген илимий көз караштарды карашууда.

Белгилүү уста Нурадин Абдыразаков аспаптын баштапкы өзөгүн сактап, анын жети кылдуу алгачкы үлгүсүн кайра жандандырды. Муну менен катар, нукура өзгөчөлүгүн сактоо менен заманбап мүмкүнчүлүктөргө ылайыкташтырылган 24 кылдуу этно-аркайык үлгүсү да иштелип чыкты.

"Бул долбоор Алтайдын эл артисти Ногон Шумаров колдонгон Алтай арфасынын (Яадаган) философиялык негиздерин эске алуу менен даярдалган", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, бул демилге кыргыз элинин тарыхый-маданий мурасын сактоого, улуттук музыкалык өнөрүн өнүктүрүүгө жана ата мекендик маданиятты эл аралык деңгээлде таанытууга чоң салым кошот.