Армения парламентинин төрагасы Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барды

Жогорку Кеңеш Загрузка... 05 Сентябрь 2025 15:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 05.09.25. /Кабар/. Расмий сапар менен Кыргызстанга келген Армениянын Улуттук Жыйынынын төрагасы Ален Симонян улуу калемгер Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барды. Бул тууралуу

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришкендей, ардактуу конокторду жазуучунун бир тууган жээни Асан Ахматов тосуп алып, үй-музейи менен тааныштырды.

Тагыраагы, Чыңгыз Айтматовдун өмүр жолу жана чыгармачылыгы боюнча сүрөттөр, колдонгон буюмдары, алган сыйлыктары жана белектери көрсөтүлүп, кеңири маалымат берилди.

Ошондой эле Асан Ахматов залкар калемгердин армян элине болгон терең урматын эскерип, Төрага Ален Симонянга жазуучунун 3 томдук чыгармалар жыйнагын белек кылды.

Белгилей кетсек, ардактуу конокторду Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жылдыз Садырбаева коштоп барды.