Аутизми бар балдардын сапаттуу билим алуусу талкууланды

Билим Загрузка... 09 Апрель 2026 18:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 09.04.26. /Кабар/. Агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекованын жетекчилиги алдында аутизм спектринин бузулуулары бар балдардын сапаттуу билим алуусун камсыз кылуу маселелерине арналган жолугушуу өттү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууга ата-энелер коомчулугунун өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Анда аутизми бар балдардын билим берүү кызматтарына жеткиликтүүлүгү, инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү, психологиялык-педагогикалык колдоону күчөтүү жана педагогикалык кадрларды даярдоо маселелери көтөрүлдү. Ата-энелер учурдагы кыйынчылыктарды белгилеп, өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар балдарды коштоо системасын өркүндөтүү боюнча сунуштарды айтышты.

Ошондой эле окутууда жекече мамилени киргизүү, жалпы билим берүүчү мектептерде ресурстук класстарды ачуу тажрыйбасын кеңейтүү жана инклюзивдик билим берүү чөйрөсүндө ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү бекемдөө маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар аутизм спектринин бузулуулары бар балдардын окуу шарттарын жакшыртууга жана инклюзивдик билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен ишти улантуу боюнча макулдашты.