Бишкек, 22.07.26. /Кабар/. 20-июлда агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Түрк мамлекеттери уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен жолукту.
Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө Түрк мамлекеттери уюмунун алкагындагы билим берүү тармагындагы кызматташтык маселелери талкууланды.
Тараптар ТМУга мүчө мамлекеттер менен билим берүү жаатындагы өнөктөштүктү кеңейтүү, биргелешкен билим берүү долбоорлорун ишке ашыруу боюнча пикир алышты.