Бишкек, 26.01.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында депутат Алишер Козуев Кыргызстандан этти экспорттоо маселеси кандай болуп жатканына кызыкты.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Жаныбек Керималиев бүгүнкү күндө Кыргызстанда этти сыртка сатууга (экспорттоого) тыюу салынганын билдирди.
Депутат өзүндөгү маалыматтар боюнча эт экспорту менен «Агрохолдинг» компаниясы алектенип жатканын белгиледи.
Министрдин орун басары токтомго ылайык, «Агрохолдинг» компаниясы Кыргызстандан эт экспорттоо менен алектенип жатканын ырастады.
"Буга чейин эт экспорту түштүк аймак аркылуу Өзбекстанга жана Тажикстанга жүргүзүлгөн, негизинен транзиттик мүнөздө болчу", - деп билдирди Керималиев.