Бишкек, 30.06.26. /Кабар/. Кыргызстанда, Россияда жана Казакстанда азык-түлүк бааларына салыштырма мониторинг жүргүзүлдү.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдиргендей, мониторингде нан азыктары, картошка, жашылча-жемиштер, эт, сүт, кумшекер, жумуртка, өсүмдүк майы жана башка азыктардын баасы салыштырылды.
Акыркы маалыматтар боюнча, өлкөлөрдөгү баалардын өзгөрүү динамикасы төмөндөгүдөй болду:
Кымбаттаган азыктар:
- Кыргызстан: сабиз (+7%), сүт (+2,1%), кой эти (+1,3%), тандыр нан (+0,4%), макарон азыктары (+0,2%);
- Казакстан: картошка (+11,9%), баш пияз (+7,1%), ун (+7,1%), өсүмдүк майы (+4,9%), сабиз (+3,4%), вермишель (+2,4%), спагетти (+0,3%);
- Россия: пияз (+0,8%), картошка (+0,5%), сабиз (+0,3%), кумшекер (+0,3%), вермишель (+0,1%).
Арзандаган азыктар:
- Кыргызстан: пияз (-6,9%), картошка (-4,6%), сары май (-0,9%), бөлкө нан (-0,6%), өсүмдүк майы (-0,6%), ун (-0,5%), күрүч (-0,1%);
- Казакстан: күрүч (-7,3%), жумуртка (-5,7%), бөлкө нан (-3,8%), уй эти (-3,1%), кумшекер (-1,2%), сүт (-1%);
- Россия: жумуртка (-0,7%), кой эти (-0,5%), сары май (-0,2%), ун (-0,2%), сүт (-0,1%), өсүмдүк майы (-0,1%).
Салыштыруу көрсөткөндөй, акыркы убакта Кыргызстанда картошка жана баш пияз олуттуу арзандаса, коңшу Казакстанда, тескерисинче, картошка 11,9%га жана пияз 7,1%га кымбаттаганы байкалган. Россияда болсо баалардын кескин өзгөрүүсү катталган эмес, туруктуулук сакталууда.