Бишкек, 30.06.26. /Кабар/. Кыргызстанга электромобилдерди бажы алымысыз алып кирүү үчүн бөлүнгөн квота аяктап баратат. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирип, жарандарды унаа ташып келүүнү алдын ала пландаштырууга чакырат.
Бажы кызматы 2026-жылга өлкө боюнча жалпы 15 миң электромобилге жеңилдик берилгенин эскертет.
"Квотанын канчасы калганын билүү үчүн Бажы кызматынын расмий "customs.kg" сайтында атайын онлайн-эсептегич иштеп жатат. Ал жерден реалдуу убакыт режиминде калган унаалардын санын көрүүгө болот", — деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, бөлүнгөн квота толугу менен бүтөрү менен, электромобилдерди алып кирүүдө ЕАЭБдин бирдиктүү тарифине ылайык, унаанын бажы наркынан 15% өлчөмүндө бажы алымы алына баштайт.