Бишкек, 16.01.26. /Кабар/. 2025-жылы Бишкек шаарында кыймылсыз мүлк бааларынын байкалаарлык өсүшү катталды — батирлер да, жеке турак үйлөр да кымбаттаган. Мындай маалыматты Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.
Батирлер: баалардын динамикасы
Агенттиктин маалыматы боюнча, борбор калаада батирлердин орточо баасы бир жыл ичинде 1 чарчы метри үчүн 1260 доллардан (январь) 1470 долларга (декабрь) чейин көтөрүлгөн.
Чарчы метринин баасы төмөнкү категориядагы турак жайларда өзгөчө жогорулаган:
- 104-серия: 1500 долларга чейин (+17,4%);
- 308-серия: 1410 долларга чейин (+17,7%);
- 105-серия: 1440 долларга чейин (+18,9%);
- индивидуалдык типтеги батирлер: 1280 долларга чейин (+21,7%).

Ведомство белгилегендей, баалардын эң жогорку өсүшү 2025-жылдын биринчи чейрегине жана сентябрь айына туура келген. Ал эми экинчи жана үчүнчү чейректин башында рынокто салыштырмалуу туруктуулук байкалган.
Турак үйлөр: райондор боюнча абал
Бишкектеги жеке үйлөрдүн баасы да олуттуу өскөн. Бир чарчы метрдин орточо баасы райондор боюнча төмөнкүдөй болду:
- Ленин району: 1405 доллардан 1867долларга чейин өскөн;
- Биринчи май району: 1192 доллардан 1575 долларга чейин;
- Свердлов району: 1358 доллардан 1862 долларга чейин;
- Октябрь району: 1638 доллардан 1767 долларга чейин.
Эң жогорку өсүш Свердлов районунда катталып, 37%дан ашкан. Эң төмөнкү кымбаттоо Октябрь районунда (7,9% тегерегинде) байкалган.

Инфляциядан жогору өсүш
Агенттик кыймылсыз мүлктүн кымбаттоосу инфляция деңгээлинен бир топ жогору болгонуна көңүл бурат. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча инфляция 9,2%ды түзсө, турак жай баалары андан бир нече эсе тез өскөн.

Суроо-талап жана божомолдор
Баалардын өсүшүнө карабастан, Бишкекте батирлерге болгон суроо-талап төмөндөөдө: акыркы беш жылда соода-сатык келишимдеринин саны азайган. Ошол эле учурда, 2025-жылы жеке үйлөргө болгон кызыгуу дээрлик 24%га арткан. Бул курулуш компанияларынын көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн жер тилкелерин үйлөрү менен кошо жигердүү сатып алып жаткандыгына байланыштуу.
Агенттиктен билдиришкендей, кыймылсыз мүлк рыногу инерттүү (жай өзгөрүүчү) болгондуктан, 2026-жылдын биринчи чейрегинде баалардын кескин төмөндөшү күтүлбөйт.